«Кырк Чоронун» лидери аялдар маршынын уюштуруучуларына түшкөн коркутуулар боюнча милицияга чакыртылды

«Кырк Чоронун» өкүлдөрү мэриянын алдындагы нааразылык акциясында. 11-март. Сүрөт: «Азаттык»

«Кыргыз Чоролору» кыймылынын («Кырк Чоро» деген ат менен таанымал) башчысы Замирбек Көчөрбаев жана юрист Зарылбек Жумагазиев милицияга чакыртылды. Буга чейин аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштүн катышуучусу Надира Масюмова кыймылдын башчысы жана юристи тарабынан өз дарегине коркутуулар түшкөндүктөн милицияга арыз жазган.

Замирбек Көчөрбаев өзүнүн фейсбук барагында милициядан келген катты жарыялаган. Катта Көчөрбаев жана Зарылбек Жумагазиев 13-мартка тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакыртылганы жазылган.

Кечээ гей, лезбиянакаларга Кырк чоро гүл берди деп каралап жатышкандар эми эмне дейсинер? Гей лезбилер Кырк чорого иш козготту.

Posted by Zamirbek Kochorbaev on Tuesday, March 12, 2019

Милиция Жоруктар кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. «Кырк Чоронун» мүчөлөрүнө 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул салынып же алар алты айдан бир жылга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн.

Буга чейин аялдардын жөө жүрүшүнүн катышуучусу Надира Масюмова Көчөрбаевдин жана Жумагазиевдин үстүнөн милицияга арыз жазган. Кыздын айтымында, Жумагазиев аны 11-мартта «Бешинчи каналдын» жөө жүрүш тууралуу эфиринен кийин «жок кылам» деп коркуткан.

«Жөө жүрүштөн кийин коомдук тармактар хейт-спичтерге жайнап кеткен. Биз милиция коопсуздугубузду жылына 365 күн камсыздашын, биз жөө жүрүштүн катышуучуларынын бардыгы үчүн коопсуздук талап кылабыз. “Кырк Чоронун” башчысы [Кыргыз Чоролорунун] “Бешинчи каналдын” түз эфиринде марштын катышуучусун коркуткан. Биз өкмөт чара көрүшүн талап кылабыз», — деп билдирген Масюмова.

Кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев «Клоопко» билдиргендей, марштын катышуучулары кыймылдын мүчөлөрүнүн даректерин билебиз деп айткандарын коркутуу катары кабыл алышкан. Анын айтымында, алар жөө жүрүштүн катышуучуларын сотко беришмекчи. Кыймылдын юристи Зарылбек Жумугазиев да активисттердин дарегине карата коркутууларды четке какты.

Аялдардын укугу үчүн жыл сайын өтүүчү жөө жүрүш 8-мартта болуп өткөн. Бул жүрүш мурдагы жылдарга салыштырмалуу рекорддук сандагы адамдарды — 400гө чукул катышуучуну чогулткан.

Жөө жүрүшкө бир нече күн калганда башка жарандарга болгон коркунучтун айынан Бишкектин бийлиги акцияга тыюу салууга аракет кылган. Социалдык тармакта акция кызуу талкууланды, ага жүрүштүн катышуучуларынын арасында ЛГБТ өкүлдөрүнүн бар экендиги да түрткү болду.

«Кырк Чоронун» өкүлдөрү 11-мартта Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан. Алар ошондой эле укук коргоо органдары жөө жүрүштүн уюштуруучуларына жана Бишкек мэриясынын аткаминерлерине карата чара көрүлүшү үчүн прокуратурага арыз даярдашкан. Мэрдин өзү жөө жүрүш мыйзамдуу өткөнүн билдирип, бирок кээ бир ураандарды «чагымчыл» деп атаган.