Кара күчкө таянган доор артта калып кетти. Өрнөктү карай өрлөгөн адам баласы феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн эбак бошонгон.

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Колонканын автору — Олжобай Шакир. Материалдын түп нускасы ruhesh.kg сайтында жарык көргөн.

Ал эми өздөрүн «Кырк чоронун» өкүлү санаган сомодой «жигиттерибиз» бүгүн урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганы – барып турган караңгылык! Ооба, караңгылык! Биз муну коркпой-үркпөй так ушундай аташыбыз керек!

Эгер расмий бийлик мындан ары булардын тизгинин тарта албаса, кыргыз деген улутту дүйнө коомчулугуна шерменде кылар көрүнүштүн бири – «кырк чорочулардын» чектен ашкан кылыктары болуп калышы толук ыктымал.

Демократия багытында өнүгүү жолун тандаган Кыргызстан феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн арылбаган топтордун басым-кысымы алдында калууга тийиш эмес. Укуктуу мамлекет курабыз десек, коомчулук башкаларды өктөмдүк менен тартипке салабыз деген булардын аракеттерине жол бербеши керек!

Биз жашап аткан доор – прогресске умтулаар илим-билим, маданият, интеллекттин доору! Булчуңуң бууранын санындай болсо да кара күчүң менен мактана турган заман эмес.

Ансыз да «Кырк чоронун» буга чейинки аракеттери – тек гана улут намысын бетке карманган чайкоочулук экенин баамдагандай болдук ко. Булар зордук-зомбулук аракеттери менен коомго эмне өрнөк көрсөттү?!

Чет өлкөдөн келген инвесторлорду коркутуп-үркүтүү, опузалоо менен өлкөнүн экономикалык долбоорлорун үзгүлтүккө учураткан аракеттери менен өздөрүн «Кырк чоро» көрсөткөнүн эрдик саноого мүмкүнбү?!

Өлкө ичинде аларга эмне жакпай калса эле, ошол объектке барып өздөрү каалагандай чаң-тополоң уюштурууга кандай укуктары бар?

Алар башкалардын укугун тебелеп-тепсеп тескегидей кимдер деги? Же расмий түрдө аткара турган мындай милдетти, мындай кызматты бийликтин кайсы бутагынан алышкан? Эгер андай милдетти расмий түрдө алышпаган болсо, демек булардын скинхеддерден эмне айырмасы бар?!

Ансыз да кылмыштуу топтордун тескөөсүнөн чыга албай келаткан кыргыз бийлиги мындан ары карай «Кырк чоролордун» чектен ашуусун бүгүн тыя албаса, демек алар эртең эле кыргыз бийлигинин төбөсүнө чыгат. Ушу керекпи коомго?!

Дегеле булардын чаң-тополоңдуу аракеттерин мекенчилдик деп түшүнүүгө кантип мүмкүн?! Ушулардын кылган-эткендеринен улам аларды эл-жердин патриоттору деп кандай акылга сыйдырууга болот?!

Өлкөдө жумушсуздуктун айынан сойкулук тагдырга кабылган кыз-келиндерди уруп-сабап ыдык көрсөткөндөрүн – көкүрөгүндө мен кыргыздын урпагымын деген сезими бар кайсы нормалдуу адам эрдик катары кубатташы керек?!

Кокус сырткы же ички инвесторлорду таап келип, ошол жумушсуздуктун айынан сойкулук жолго түшкөн кыз-келиндерибизди жумуш орун менен камсыздоого кадам жасашкан болсо, мен мындай аракеттерин чыныгы мекенчилдердин аракети деп кабыл алаар элем.

Арийне, «кырк чорочулардын» көкүрөгүндө жигиттик ариет болгондо – сойкулук жолго барган кыз-келиндерди эмес, аларды ушундай жолду тандоого аргасыз кылган мамлекеттик түзүмдү ашкерелеп, ошол сойкуканаларга ээлик кылып бизнесин жүргүзгөн чоңдорду Ала-Тоо аянтына жетелеп чыгып, беттерин кызартууга эрдиктери жетсе, мен анда «кырк чорочулардын» намысчыл аракеттерин толук кубаттайт элем. Мына улуттун келечегин ойлогон эр-азаматтар ушулар деп даңазалайт элем анда буларды!

Асыресе, кыргыздын кыз-келиндери башка улуттун өкүлдөрүнө турмушка чыкканы үчүн же жумушсуздуктун азабынан сойкулук кесипти тандаган бечараларды ур-токмокко алып, бирөөлөрдүн тагдырына киришүү; бул – улут намысын коргой турган эрдик эмес! Зөөкүрчүлүк, түркөйлүк бул! Мен кыргыз жигиттеринин мындай аракеттерин жетип турган пастык катары гана кабыл алам!

Мына эми «кырк чорочулар» 13-март күнү дагы күүлөнүп, 8-Марттагы аялдардын Эл аралык майрамына карата аялдардын жана ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюшулган акцияга уруксат берип койгон калаа мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылып митинг уюштурмай болушууда.

Бу эмне деген зөөкүрчүлүк?! ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөр асмандан түшүппү? Алар да «кырк чорочулар» сыяктуу эле энеден туулган сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү! Болгондо да Кыргызстанда туулуп-өскөн, тарбияланган, билим алып чоңойгон жаштар! Болгондо да коомдун эң аярлуу, эң талылуу катмары ошолор бүгүн.

Алар деле кыргыздын кара көз, кара чечекей урпактары! Алардын болгон айыбы – Кудайдын кудурети менен бири – лесбиянка, бири – гей, бири – бисексуал, бири – трансгендер (өзүмдүн уулум да трансгендер тагдырына тушуккандардан – О.Ш.) болуп туулуп калганы. Алар эмне өз каалоолору менен ошондой болуп төрөлүп калыптырбы?! Бул алардын маңдайына жазылган тагдыр! Ошол тагдырлары үчүн биз аларды коомдон четтетип коё турган таштанды эмес, тирүү жандар алар дагы! Алардыкы сексуалдык кумар да эмес, болгону табияттын табышмактуу мыйзамы…

Анан эле ошолордун таламын талашып чыккан феминисттик көз караштагы үркөрдөй топтун аракетин булар чектен ашкан жосун катары кароодон мурда «кырк чорочулардын» арасында ЛГБТ түшүнүгү менен тааныш бирөө-жарым бар бекен?!

Адегенде «кырк чорочулар» арасында кайсы бири антропология илиминен кабары болбой туруп эле – мындай көрүнүштү Батыш өлкөлөрүнөн келген шумдук катары кабыл алып, ар кандай божомол-дөдөмөл түшүнүктөрү менен коомдун үрөйүн учургандарына жол болсун.

Тек гана совет доорунда бул проблема туюк кармалып келгендиктен, коомдо ачык-айкын талкуулар болгон эмес. Ал эми Батыш өлкөлөрү ЛГБТ коомуна түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн эле бул чөйрөнүн өкүлдөрүн ыпластыктын сазынан чыкпагандар дегендин өзү – жеткен түркөйлүк, караңгылык! Чындап келсе ЛГБТ чөйрөсү деле биздин коомдо коргоосу жок корунуп келаткан аярлуу азчылык. Анан эми ошол коргоосу жок азчылыктын өкүлдөрү да буга чейин коомдун эң алсыз катмарындагы кыз-келиндер сыяктуу «кырк чорочулардын» кодулоосуна кабылыш керекпи?!

Булардын акылга сыйбаган аракеттерин көрүп, билип, угуп аткан парламент депутаттары эмнеге тынчсызданбайт?! Улутту абийирге чакырчу интеллигенция кайда?! Бул теманы жулунган журналисттер журту эмнеге барып турган караңгылык катары айыптабайбыз?! Дегеле «Кырк чоронун» желдеттеринин өзүмбилемдигине ушунчалык жол берген кыргыз бийлигинде намыс барбы деги?!

Олжобай Шакир