Жалал-Абад мэриясы жер асты өтмөгүн курган компанияга 6 млн сом төлөп бериши мүмкүн

Жер астындагы өтмөктүн ачылышы. 2018-жылдын сентябрь айы. Сүрөт: Маматказы Расул уулу / Кloop.kg

Өткөн жылдын сентябрында Жалал-Абад шаарында алгачкы жер асты өтмөгүнүн ачылышы болгон. Ал учурда шаар бийлиги өтмөк 12 млн 800 миң сомго салынганын билдирген. Эми мэрия өтмөктү курган компанияга дагы 6 млн сомдой каражат бөлүп бериши мүмкүн болууда. Анткени долбоордун сметалык баасына айрым кызматтар кошулбай калган.

Вице-мэр Майрамбек Адылбеков шаардын капиталдык курулуш башкармалыгы жер астындагы өтмөктүн сметасын түзүүдө бетон жана арматуранын баасын эске албай калганын «Клоопко» билдирди.

Аталган ката курулуш иштери 30 пайызга жакындап калганда аныкталгандыктан, мэрия компанияга маселени чечип берүүнү убадалайт. Бирок шаардын 2018-жылдагы бюджети буга чейин бекитилгендиктен, калган каражат казынага кирген эмес. Сметада көрсөтүлбөй калган каражаттын суммасы болжолдуу 5 млн 735 миң сомду түзөт.

«2019-жылдын бюджети каралып атканда карызды быйыл фирмага берип коёлу деген маселе көтөрүлдү. Шаардык жана айылдык кеңештин айрым депутаттары бул маселени колдоп, кээ бирлери колдошкон эмес. Жумушчу топ түзүп, документацияларды изилдеп чыгышмай болушту», — деген Адылбеков жумушчу топ жыйынтыкты качан чыгараары туурасында так маалымат бере алган жок.

Вице-мэр кошумчалагандай, эгерде жумушчу топ сметалык бааны түзүүдө катачылык кеткенин аныктаса, мэрия компанияга 6 млн сомдой каражат бөлүп берүүгө аргасыз болот.

Материал жарык көрөөр алдында өтмөктү курган «Сафари» компаниясынын өкүлдөрү менен «Клооптун» журналистинин байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Бийлик 2019-жылы шаардагы Ленин көчөсүнө экинчи жер асты өтмөгүн курууну пландоодо. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 31 млн сом бөлүнөөрүн маалымдашты.

Шаардагы алгачкы жер астындагы өтмөк борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде курулган. Анын ачылышы 2018-жылдын сентябрь айында өтүп, шаң-шөкөт менен коштолгон. Мэрия өтмөк унаа тыгындарын азайтат деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: Бир кадр менен: Жалал-Абадда алгачкы жер алдындагы өтмөк (өтө салтанаттуу) ачылды