Иллюстративдик сүрөт. «Американский пирог» тасмасынан скриншот

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Бул колонканын автору — сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева. Анын телеграм каналына жазылып, секс жөнүндө жана бул боюнча башка да кызыктуу маалыматтарды алыңыз.

Ар бир бала эртели-кеч ата-энелерине кантип төрөлгөнү тууралуу суроолорду бере баштайт. Арабызда бала бул билимди мектептен алат деген үмүт менен ушундай суроолордон качууга аракет кылгандар бар. Бирок Кыргызстанда сексуалдык билим берүү боюнча сабактарды класс жетекчинин каалоосу менен гана өткөрүшөт. Атүгүл 9-кластта мектеп окуучулары анатомия боюнча сабакта мугалим менен кошо окуулары керек болгон аялдар менен эркектердин репродуктивдик системасы тууралуу теманы көбүнесе өз алдынча окууга берип коюшат. Ал эми биз мындай учурда эч ким эч нерсени үйрөнүүгө чыгынбашын жакшы эле түшүнсөк керек.

Ошондуктан балдар суроолоруна болгон жоопторду интерненттен же досторунун арасынан өз алдынча издөөгө аргасыз болушат. Ошондой эле алар тапкан маалымат сапаттуу жана чыныгы болооруна эч ким кепилдик бере албайт. Ошентип аларда өздөрүнүн денеси, мамилелер жана секс жөнүндө стереотиптүү ой жүгүртүү калыптана баштайт жана бул стереотиптер аларга бактылуу жашаганга эч кандай жардам бербейт.

Андан соң алар өзү менен өзү болуп, секс жөнүндө өздөрүн өнөгү менен да, өз балдары менен да сүйлөшө албаган адамдар болуп чоңоюшат. Натыйжада, алардын балдарын ушундай тагдыр күтөт.

Бирок бул маселенин оңой чечими бар — болгону балдарыбыз менен секс тууралуу өз алдынча сүйлөшүүгө үйрөнүү керек. Төмөндө муну кандай кылса болоору жөнүндө бир нече кеңеш беребиз:

1. Өзүңүздү ыңгайсыз суроолорго даярдаңыз

Кичинекей бала менен адам денеси, секс жана мамиле темаларына сүйлөшүүгө даярдануу үчүн алгач өзүңүз бул тууралуу китептерди окуп, кинолорду көрүп алганыңыз оң (мисалы, «Жыныстык тарбия» сериалы, «Секс болбойт» тасмасы, «Балага кантип чоңоюуга жардам берсе болот» же «Vulva la Vagina» китептери, «Sexinforia» онлайн порталы). Ошентип сиз өзүңүздүн бул тармак боюнча билимиңизди арттырып алсаңыз болот. Анткени, сексуалдык билимибиздин жоктугунан жана секс темасында сүйлөшүүгө болбойт деген түшүнүктөн улам өз денебиз тууралуу көптү билбешибиз мүмкүн.

Эң башкысы — «чочок», «вульва» (аялдын сырткы жыныс органы) жана «секс» деген сөздөрдү кызарып уялбай эле айтууга үйрөнүү керек. Эгер сиз балаңыз менен сүйлөшүүдө аталган сөздөрдү айтуудан жалтактасаңыз, анда ал өз органдарынын туура аталыштарын билүү «уят» эмес экенине ишенбей коюшу мүмкүн. Анткени сиз ал үчүн абройлуусуз да. Мисалы, муну өзүңүздүн өнөгүңүз менен же болбосо күзгүнүн алдында туруп көнүгүү жасап көрсөңүз болот. Ал эми «вульва» сөзүн айтуу сизге «калем сап» деген сөздү айткандай эле жөнөкөй экенин түшүнгөндө — өзүңүздү даяр деп эсептей берсеңиз болот.

Дененин ар бир мүчөсүн өз аты менен атоонун эч кандай уяты жок. Жаттап алыңыз. Чочок менен вульва — көз, кол, тиш же киндик сыяктуу эле дене мүчөлөрү. Эгер биз балага ичтин кантип иштээрин оңой эле түшүндүрүп жатсак, анда эмне үчүн анын тукум улоочу органдарынын иштешин түшүндүрө албайбыз?

2. Балага дененин гигиенасын үйрөтүү

Балага сексуалдык таалим-тарбия берүүнү дененин гигиенасын эмнеге жана кантип сакташ керектигин түшүндүрүп берүүдөн башташ керек. Бул жөнүндө бала үч жашка толгондон кийин эле айтып баштоо зарыл.

Мисалы, сиз баланы тиш, колу-беттин жууш керектигин үйрөтүп жатканда, аны ошондой эле, өзүнүн жыныс органдарын да кошо жууш керектигине үйрөтүү керек.

Кыздарга болсо өйдөдөн ылдыйды карай (тагыраагы, жыныс мүчөнүн томпоюп турган жеринен баштап арткы тешикке чейин) жуунуу жана көтөндөгү бактериялар жыныс мүчөсүнө кирип кетпеши керектигин түшүндүрүү керек. Бул жашта атайын интимдик гигиена каражаттары менен колдонууга болбойт — жылуу суу гана жетиштүү. Андан тышкары, кызга сөзсүз түрдө жууну үчүн самын колдонууга болбосун айтып коюу зарыл, себеби самын жыныстык мүчөнүн микрофлорасын бузат.

Эркек балдарга болсо, жууп жатканда сийдиктин калдыктарын жууш үчүн четки терини бир аз ачыш керек (эгер сүннөткө отургузулган эмес болсо) деп айтып бериңиз. Алар дагы өйдөдөн ылдый карай жууш керек.

Булардан тышкары, балага анын жыныс органдарынын гигиенасы тууралуу айтып берип жатып, аны менен кошо уруксатсыз алардын органдарына эч ким тие албашын түшүндүрүп беришиңиз керек. Аны мындай түшүндүрсө болот: «Купальникке катылгандардын баары — бул сенин интимдик жерлериң. Ал жерлерге сен жана эгер сен уруксат берсең ата-энең гана тие алат».

Бала улуулардын эч кимиси, тагыраагы алардын ата-энелери менен врачтардан тышкары эч кимге анын денесин кароого уруксат берилбегенин эсине түйүп алышы шарт. Эгер мындай көрүнүш орун алса, бул туурасында сөзсүз түрдө жакын адамдарга билдирүү керектигин түшүндүрүңүз. Мындай жол менен балаңызга жеке чекти түзүүгө жана сексуалдык зомбулуктан коргонууну үйрөткөн болосуз.

3. Эвфемизмди колдонбой, жөнөкөй сөздөр менен жооп берүү

Эгер кичинекей балаңыз балдар каяктан пайда болот деп сурап жатса, демек ал конкреттүү суроо берип жатат жана ага жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен жооп берсе болот. Ушундай суроолорду тоготпой, «чоңойгондо билерсиң» деп жооп берүү менен сиз баланы өз суроолоруна жоопту кооптуу жерлерден издегенге түртүү менен кошо ал тараптан сизге болгон ишенүүнүн жоготуп алуу коркунучуна ээ болосуз. Ушундайдан кийин бала сизге башка кайрылбайт, ал эми мындай суроолордо авторитет болуп анын теңтуштары же анын ойлоруна таасир этүүсү мүмкүн болгон интернеттеги бейтааныш адамдар болуп калат.

Ошондуктан алдабай жооп берип койгон оң.

Мисалы, эгер беш жашар балаңыз секс деген эмне деп сурап жаткан болсо, сөзсүз түрдө ал үчүн аны менен туура кандай алектенүү керектиги тууралуу чеберчилик сабактарын өткөрүүнүн кажети жок. Жөн гана секс — бул эки улуу адам балалуу болгулары келгенде же болбосо бири-бирине сезимдерин билдирүү үчүн өз ара келишип, обочолонуп алып, эркектин атайын органы (мүчөсү) аялдын атайын органына (аялдын жыныс мүчөсүнүн ичине) кирет.

Сиздин жообуңуздан бала секс эки жактын макулдугу менен өтүшү керектигин жана секс улууларда гана болушу керектигин түшүнүшү керек.

Эгер сиз мектеп курагына чейинки балага секс эмне экенин түшүдүрсөңүз, анда ал 8-9 жашка келгенде аны денесиндеги боло турган өзгөрүүлөргө даярдап, этек кир жана уктап жатканда бел суусунун чыгышы тууралуу атып бергениңиз оң. Баланын организми дагы деле өсүп, өнүгүп жатат дегенден баштасаңыз болот. Жетилүү учурунда дене менен көптөгөн кызыктуу нерселер болоорун айтып бериңиз. Мисалы, кыздарда этек кир чыгып баштайт, ал эми балдарда түнкүсүн бел суунун өзүнөн өзү чыгышы болот — мындан уялбаш керек.

Сүрөт: schalantao / freepik

Кызга биринчи этек кири, ал эми эркек балага биринчи кумарлануусу тууралуу апасы же атасыбы, экөөсүнүн кимиси айтканы маанилүү эмес. Тескерисинче, эгер атасы кызына биринчи айызы жөнүндө айтып берсе, бул ага этек кир деген ага айыз жөнүндө ооз ачпоо керектиги тууралуу стереотиптен арылууга жардам берет.

Эгерде балаңыз өспүрүм жашка келип калган болсо — аны менен секс тууралуу сүйлөшүүнү дароо азыр баштаңыз. Ага анын денесинде гормондордун ишинен улам болуп аткан өзгөрүүлөр, тактап айтканда беттеги безеткилер, салмактын кескин өзгөрүшү, колтук жана жыныс мүчөлөрүндө пайда боло баштаган түктөр тууралуу айтып бериңиз. Өспүрүмдөр өз денелеринде болуп аткан нерселердин бардыгын билүүсү маанилүү — бул уялууга негиз жок болгон табигый эле процесс.

Он жаштагылар менен секс темасындагы сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл. Ага секс коопсуз болушу керек деп айта башташ керек — жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар жөнүндө жана презервативдер эмнеге колдонулаары жана аны кантип колдонуш керектиги жөнүндө сүйлөшүңүз.

Эгер колдон келсе ага аны кандай кылуу керектигин өзүңүз көрсөтүп бериңиз же болбосо ага презервативди кантип туура колдонуу керектигин айтып берген видеону бериңиз. Ошондой эле өспүрүмгө секске көндүрүүнүн активдүү концепциясы деген эмне жана жыныстык катнашка барууну каалабай турган учурда кантип «жок» деп айтуу керектигин түшүндүрүп коюу зарыл.

Өз балаңыз чоңоюп келе жатканда аны келечекте сөзсүз күтүп турган нерсеге даярдоо, тагыраак айтканда, секс жана мамилелерге даярдоо менен сиз ага оор өткөөл куракты баштан жеңил өткөрүүсүнө жардам бересиз.

Ал эми эгер берилген суроого кантип жооп берүү керектигин же сүйлөшүү учурунда кандай сөздөрдү колдонсо болоорун билбесеңиз, анда баланы алдабай эле даярданып туруп бул темага кайтып келээриңизди убада кылыңыз. Андан кийин сөзсүз убадаңызды аткарыңыз, себеби балаңыз сизге суроо менен кайрылган, демек ал сизге ишенет жана жоопту дал өзүңүздөн алгысы келет.

4. Балага өз денесин таанып-билишине мүмкүнчүлүк бериңиз

Эгер өз балаңыздын мастурбация кылып же өз денесин карап жатканын көрүп калсаңыз, тоскоол болбоңуз, урушпаңыз жана ага кыйкырбаңыз. Анткени мунун эч кандай жаман нерсеси жок. Балаңыз бузулгандардан эмес — ал мындай жол менен өзүнүн денесин изилдеп жатат жана бул абдан пайдалуу. Тескерисинче балаңызга жардам бергениңиз оң — аны менен пайдалуу ресурстар жана ага анын денеси кандай түзүлгөндүгүн, кантип иштээрин түшүндүрүүгө жардам берген китеп жана фильмдер менен бөлүшүңүз. Муну менен Uyat Emes блогу же «Боктукөргөн» онлайн журналы жардам берет.

Эгер сиз баланы денеси жана сексуалдуулугу тууралуу маалымат менен камсыздап койсоңуз, анда ага өз денесиндеги комплекстерге байланыштуу же келечекте адамдар менен мамиле түзүүдө өзүнө ишенбестик менен кандайдыр бир коркууларга каршы күрөшүүгө жеңил болот. Жөнөкөй айтканда аны жок дегенде жыныстык жетилүү учурунда өз денесиндеги өзгөрүүлөр кооптондурбайт.

Эгер өспүрүм жеке чек түзгөндү, эч кимге анын денесин кармоого болбостугун билсе, өз денесин изилдөөдөн коркпосо, анда бул аны бузуп койбойт — эч кабатыр болбогула. Тескерисинче бул ага качан жана ким менен сексуалдык мамиле баштоого болоору, ага кандай жашоо образын жүргүзсө болоору, андан тышкары, ага башка адамдар менен кантип мамиле түзүү керектиги боюнча таразаланган чечим чыгарууга мүмкүндү түзөт.

Сапаттуу сексуалдык билим — бул баланын дени сак болуп чоңоюшунун, секске жоопкерчиликтүү мамиле кылуусунун жана айланадагыларга сый менен мамиле кылуусунун кепилдиги. Бир гана өзүңүз аны бул үчүн керектүү билим менен камсыздай аласыз.

Айканыш Эралиева