Күндүн цитатасы: Депутат Мусабекова 8-мартка карата аялдардын тынчтык маршына катышкан ЛГБТнын өкүлдөрү тууралуу

13-мартта Жогорку Кеңеште жыйын өтүп, анда депутаттар кошумча 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тынчтык митингин да талкуулашты.

Жыйында депутат Жылдыз Мусабекова Борбор Азияда «биринчи болуп гей парад» өттү деп билдирди. Ошондой эле ал УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлеринен жөө жүрүштү ким жана эмне үчүн уюштурушканын билүүнү талап кылды.

«Эгер парламент оозуна суу жутуп алгандай унчукпай отура берсе, анда эртең Кыргызстан Гейстанга айланып калат», — деп келтирет «Азаттык» Мусабекованын айткандарын.

Тынчтык маршына 400дөн ашуун адам, анын ичинде коомдук активисттер, феминисттер жана ЛГБТ коомунун өкүлдөрү катышышкан.

«Кырк Чоронун» өкүлдөрү 11-мартта Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан. Мэр өзү марш мыйзамдуу болгонун, бирок айрым лозунгдар «чагымчыл» болгонун билдирген.

Жөө жүрүштүн уюштуруучулары коркутуулардан улам «Кырк Чоронун» башчысы Замирбек Көчөрбаевдин жана анын юристи Зарыл Жумагазиевдин үстүнөн милицияга арыз жазышкан. Милиция аларды тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакырышкан. Аларга 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул салынып же болбосо алты айдан бир жылга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн.