«Кырк Чоронун» өкүлдөрү 13-марттагы митингде. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

«Кыргыз Чоролору» улутчул кыймылынын («Кырк Чоро» аты менен таанымал) мүчөлөрү «гей пропагандага» каршы чыгып, аялдардын тынчтык жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларын жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Бул учурда Жогорку Кеңеште «гомосексуалдуулукту пропагандалоого» каршы күрөшүү үчүн бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушталды.

Видеотрансляцияны жүргүзгөндөр: Айдай Эркебаева, Бекжан Асылбеков, Тилек Бейшеналиев, Марат Абдыкалыков жана Арсений Мамашев

13-мартта Бишкек мэриясынын имаратынын алдына митингге 30га чукул адам чогулду. Акциянын катышуучуларынын көпчүлүгү «Кыргыз Чоролору» кыймылы («Кырк Чоро» аты менен таанымал) тарабынан чогулган.

Алар 8-мартта аялдардын жөө жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берген мэриянын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Ошондой эле алар жөө жүрүштүн уюштуруучуларын да жоопкерчиликке тартууну жана «бир жыныстуу мамилелерге» тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышты.

«Кырк Чоронун» башчысы Замирбек Көчөрбаев 13-марттагы митингде. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

«Менталитетибизге туура келбеген жоосундарды токтотушубуз керек. Эгер бүгүн бул нерсеге чек койбосок, эртең улуттук ар-намысыбызга шек келиши мүмкүн. Негизги талаптар: феминисттик маршкка уруксат бергендерди жоопкерчиликке тартуу», — деп билдирди кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев.

Миингдин уюштуруучулары Жогорку Кеңештин имаратына чейин жөө басып барып, өз талаптарын спикердин өкүлүнө тапшырышты. Митингчилер бийлик алардын талаптарын аткармайынча митингге чыгууну токтотушпасын айтышты.

Ошол эле учурда парламентте аялдардын жөө жүрүшү менен «Кырк Чоро» кыймылынын митинги талкууга алынды. Айрым депутаттар аялдырдын тынчтык маршы жөнүндө жагымсыз пикирлерди айтышты.

«Эгер парламент оозуна суу жутуп алгансып унчукпай отура берсе, анда эртең Кыргызстан Гейстанга айланып калат», — деди жыйында КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова.

Бийликчил партиянын дагы бир башка депутаты Айнуру Алтыбаева болсо аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштө айтылган чакырыктар кыргыздарга «жат» экенин айтты.

«8-мартта аялдардын жөө жүрүшү дискредитация болду. Аялдардын кыймылынын жардамы менен депутат аялдар парламентке келишкен. Кыргызстандын Конституциясынын 36-беренесинде үй-бүлө — бул коомдун уңгусу деп айтылат. Ал эми мартштагы чакырыктар бизге жат нерсе», — деп билдирди ал.

Дагы бир нече депутат марштын катышуучуларын «гомосексуализмди пропагандалоо» үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Көчөрбаев өз тарапташтарынын талаптарын парламент имаратынын алдында окуп жатат. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин Бишкек боюнча башчысы Нурлан Дүйшөкеев парламентте мекеме марштын катышуучуларынын санын азайтуу үчүн чоң жумуш аткарганын билдирди.

«Биз марштын катышуучуларынын санын азайтып, массалык мүнөзгө жол берген жокпуз. [ЛГБТнын] байрактарын көтөрүп алып, сүрөткө түшүп, өздөрүн пиарлашкан бирин-серин учурлар болду. Биз санын азайтуу боюнча чоң жумуш жасадык», — деди Дүйшөкеев.

 УКМКнын жетекчисинин орунбасары Орозбек Опумбаевдин айтымында, эгер бийлик аялдардын жөө жүрүшүнө тыюу салып койсо, анда эл аралык коомчулук муну басмырлоо катары кабылдамак.

Ал уюмдардын, анын ичинде ар кандай акцияларга чыгымдарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бейөкмөт уюмдары жөнүндө мыйзам кабыл алууну сунуштады.

«Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам — бул бүгүнкү күндө эң керектүү нерсе. Эң эле башкы көйгөй каржылоо көзөмөлсүз болуп атканында, айрыкча бул ЛГБТга тийиштүү. Канча акча түшүп атат, алар эмнеге жана кандай максаттарга жумшалып атат? Эгер биз бул мыйзамды кабыл алсак, анда бул аракеттерди кайсыл эл аралык уюм сүрөмөлөп жатканын, кандай чет элдиктер келээрин, ага кандай туруштук бере алаарыбызды биле алат элек», — деп билдирди Опумбаев.

Бирок Опумбаев кайсыл бейөкмөт уюму жөнүндө мыйзамды айткысы келгенин так кесе айта алган жок — Орусияда өкмөттүк эмес сектордун ишин кыйла эле чектеген «чет элдик агенттер» жана «жагымсыз уюмдар» жөнүндө мыйзам иштейт.

Парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров жыйындын соңунда ЛГБТ жөнүндө мыйзам кабыл алуу керектигин билдирип, бирок ал эмнени жөнгө салаарын так кесе айткан жок.

«ЛГБТ боюнча мыйзам буга чейин сунушталган. Жаңылышпасам ал экинчи окууда каралышы керек. Биз аны кабыл алышыбыз керек», — деди парламентарий.

Митинг тууралуу кененирээк биздин тексттик трансляциядан окуңуз: