Кыргызстандын парламенти. Иллюстративдүү сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Орозбек Опумбаев депутаттарга Орусияда бир нече жыл мурда кабыл алынгандай эле бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам жазууну сунуштады. Бирок комитеттегилер уюмдардын ишмердигин кандай чектегилери келип атканы тууралуу так кесе айтышкан жок.

Эл өкүлдөрү 13-мартта парламенттин жалпы жыйынына чогулушуп, Бишкекте 8-мартка карата өткөн аялдар маршын талкуулашты. Кээ бир депутаттарды баарынан да маршка ЛГБТ коомунун өкүлдөрү келгени кыжырдантты.

Жыйын учурунда УКМКнын төрагасынын орун басары Орозбек Опумбаев эл өкүлдөрүнө бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоорун жазууну сунуштады.

«Биз бейөкмөт уюмдардын [ишмердүүлүгү] жөнүндө мыйзам кабыл алышыбыз керек. “Мындай марштарды” алдын алуу үчүн алар акчаны кантип жана кай жакка коротуп жатышканын билишибиз керек», — деп билдирди ал.

Опумбаев Орусиянын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды негиз кылып алууну сунуштады, бирок анын айткандарынан так кайсы мыйзам долбоору жөнүндө сөз болуп жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калды. Орусияда акыркы бир нече жыл ичинде бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектеген бир нече мыйзамдар кабыл алынган.

Бийлик ушуга окшогон эле мыйзам долбоорун кабыл алууга аракет кылган, бирок ал бир нече жылдан бери карала элек. Тагыраагы, мыйзам долбоору жүздөн ашык жарандардык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түшкөн сын пикирлерден улам талкууланбай калган.

Орусиядагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамдар

Орусияда 2012-жылы көптөгөн укук коргоо уюмдарынын ишмердигин абдан чектеп койгон «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам кабыл алышкан жана ал бийликке сынчыларга кысым көрсөтүүгө жана куугунтуктоого жол ачып берген.

Мыйзамдын логикасына ылайык, «чет элдик агенттер» деп башка өлкөлөрдөн каржылоо же колдоо тапкан уюмдар таанылган.

Мындай уюмдардын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүп туруу үчүн Орусияда атайын реестр түзүлүп, ал жакка «чет элдик агенттердин» иши жөнүндө маалыматтар киргизилген. Андан тышкары, аталган уюмдардын өкүлдөрү жыл сайын отчёт тапшырып турууга милдеттүү. Ал эми уюмдар интернетте материалдарын жарыялоодо «чет элдик агенттер» тарабынан жасалганын көрсөтүп туруулары керек.

Ошондой эле, Орусияда «жагымсыз уюмдар» тууралуу мыйзам бар. Ага ылайык, бийлик уюмдардын ишмердигин «жагымсыз» деп тааныган уюмдарга тыюу салат.

«Орусиядагы жагымсыз» бейөкмөт уюмдардарда иштеген кызматкерлерге штраф салынып же алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон. Бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан тарта орусиялык бийлик 15 уюмду «жагымсыз» деп тааныган.

Орусияда мыйзамдарды сындоо

Бул мыйзамдар кабыл алынгандан кийин Орусияда укук коргоочулар менен активисттер бийликке жакпас уюмдардын ишин жүргүзүүгө мүмкүн болбой калганын айтып чыгышкан — мындайча айтканда мыйзамдар бийликке сынчыларды куугунтуктоо үчүн шарт түзүп койгон.

Бирок мыйзамдын көзөмөлүнө бир гана бийликти түздөн-түз сындагандар эмес, мисалы, зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча уюмдар же коммерциялык эмес экологиялык демилгелер да кабылышкан.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоочу уюмунун Москвадагы бюросунун директору Татьяна Локшина 2015-жылы маалымдагандай, мыйзамды кабыл алуунун башкы максаты «коркутууда» болгон.

«Теория боюнча, жагымсыз уюмдун ишмердигиндеги “катышуу” болуп кызматташуунун бардык формасы таанылышы мүмкүн — материалдарды социалдык тармактарда жайылтуу да же эл аралык иш-чараларга катышуу да болушу мүмкүн», — деди Локшина.

Орусиянын белгилүү укук коргоочуларынын бири Людмила Алексеева «Интерфакска» курган маегинде «мыйзамга кол коюлганы абдан өкүнүчүтүү» болгонун айткан.

«Мен бул Кызыл Жарым ай Коомуна тиешелүү болбойт деп үмүттөнөм, ал абдан тынч уюм. Ал эми Human Rights Watch же Amnesty Internationalдын милдеттерине жарандардын эркиндиги менен укуктарына мониторинг жүргүзүү кирет, алар дайыма сынчыл баяндамалар менен чыгышат жана бул көпчүлүккө жакпайт», — деген ошол учурда Алексеева.

Аялдардын укуктары үчүн митинг

Парламенттеги бардык талкуулар 400дөн ашуун адам чогулткан 8-мартка карата өткөн аялдар маршынан кийин башталды. Бул акцияны Бишкектик феминисттик демилгелери уюштурган. Жүрүштө феминисттер эле эмес жарандык активисттер, кээ бир саясатчылар жана ЛГБТ коомунун мүчөлөрү катышкан.


Маршта ЛГБТ коомунун өкүлдөрү болгону 11-мартта Бишкек мэриясынын имаратынын алдына чыгып, калаа башчысы Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан «Кырк Чоро» улутчул кыймылынын өкүлдөрүнүн арасында нааразызычылыктарды жараткан.

Ал эми мэр өзү жөө жүрүштө эч бир мыйзамсыз нерсе болбогонун, анткени жарандарда митинг өткөрүүгө конституциялык укутары бар экенин билдирген. Бирок мэр кээ бир чакырыктарды «чагымчыл» деп атап, бирок кайсылары экенин тактап берген эмес.

13-мартта Бишкек мэриясынын имаратынын алдында «Кырк Чоронун» тарапташтары уюштурган дагы бир митинг өттү. Ал митингге 30га чукул адам катышып, митингдин уюштуруучулары бийликтен аялдар маршын өткөрүүгө уруксат берген аткаминерлерди, марштын уюштуруучуларын жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Ошондой эле, алар парламентке бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамды жана «бир жыныстуу үй-бүлөлөр тууралуу» мыйзамды кайра карап чыгуу талаптарын коюшту.

«Кырк Чоронун» өкүлдөрү өз талаптарын парламенттин спикеринин өкүлүнө тапшырышып, эгер аларга эки аптанын ичинде жооп беришпесе кайрадан масштабдуу митингге чыгууну убада кылышты.

Мындан тышкары, жөө жүрүштүн уюштуруучулары «Кырк Чоронун» үстүнөн, бул кыймылдын тарапкерлери алардын дарегине айткан коркутуулары үчүн милицияга арызданышкан. «Кырк Чоронун» төрагасы Замирбек Көчөрбаев тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн милицияга чакырылган жана аңгемелешүүдөн соң кайра коё берилген.

Редактору: Элдияр Арыкбаев