Сүрөт Гүлгакы Мамасалиеванын фейсбук барагынан алынды

Укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева өзүнүн фейсбук барагында балдар менен аялдар Аксай айылын таштап кетип бараткан сүрөтүн жарыялады.

«Бир портер балдар жана аялдар качып чыгышууда! Жеңиш Раззаков сүйлөшө албады окшойт! Аксайдын [жашоочулары] вице-премьерге нааразы болушууда», — деди ал «Клоопко».

Алар айылын Кыргызстан жана Тажикстандын чек арага жакын айылдарынын тургундарынын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу таштап кетип жатышат. Кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосундагы пикир келишпестиктер кыргыз бийлиги куруп жаткан Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун айынан 13-мартта башталган.

Аксай — Тамдык айланып өтмө жолу стратегиялык жактан маанилүү болуп саналат. Анткени, ал жолдун бүтүшү менен Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыр кыргыз айылдарынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кирбестен эле Баткендин башка райондоруна жете алышат.

Кыргызстандын бийлиги эки адамга ок тийип жарадар болгонун тастыктады. Тажикстандык тарап алардын бир жараны набыт болгондугу тууралуу кабарлашты.

Эки өлкөнүн бийлиги маселени эң эле жогоргу деңгээлде чечүүгө аракет кылып жатканы менен чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда.

Авторлошу: Элвира Акимова