Иллюстративдүү сүрөт / Kloop.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков майыптардын укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) конвенциясынын ратификациясына кол койду. Кыргызстандын бийлиги ага 2011-жылы эле кол койгон, бирок аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн каражаттардын жоктугунан улам ратификация 8 жылга созулуп кеткен. «Клооп» Конвенция майыптардын жашоосун жакшыртабы же жокпу деген суроого жооп издеп көрдү.

Жээнбеков Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө мыйзамга 14-мартта кол койду. Бул учурдан тарта Кыргызстан майыптардын укуктарын сактоо тууралуу БУУнун талаптарын аткарууга милдеттүү.

Конвенция эмне үчүн маанилүү?

Конвенциянын башкы максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тең укуктуулугун коргоо жана камсыздоо.

Бул бийлик көчөгө чыгууда пандустардын же коомдук транспортко түшүүдө атайын каражаттардын жоктугунан улам көйгөйлөргө туш болуп аткан майып адамдар үчүн инфраструктуралык шарт түзүп бериши керек дегенди билдирет.

Ошондой эле майып адамдар башка жарандар менен бирдей эле медициналык кызматтарга толук кандуу жеткиликке ээ болууга тийиш.

Андан тышкары, Кыргызстан инклюзивдүү билим берүүнү камсыздашы керек: бийлик майып балдарга башкалар менен бирге жалпы билим берүү мектептерине баруусуна шарт түзүп берүүгө милдеттүү.

Конвенциянын өзү мыйзамга караганда социалдык чөйрөгө багытталган. Бул деген майып адамдарга адам укуктары жаатынан алып караганда бирдей мамиле керек жана аларды оорулуу адамдар катары кабыл алууга болбойт дегенди билдирет.

«Теңдик» майыптар бирикмесинин төрайымы Гүлмира Казакунова: Алгач бийлик конвенциянын артыкчылыктуу беренелерин кабыл алат

Казакунова конвенциянын бардык талаптарын кабыл алуу акырындык менен жүргүзүлөөрүн «Клоопко» курган маегинде айтты.

«Ал жакта 51 берене бар. Ратификация болгон күндүн эртеси эле [конвенция] иштеп кетпейт. Ал артыкчылыктуу ишке ашып турат. Андыктан, менин оюмча бул майыптардын жашоосун жакшыртат», — деди Казакунова.

Анын пикири боюнча, эми бүткүл маморгандары конвенциянын талаптарын аткаруулары керек.

«Эгер мыйзам аткарылып турса, демек адамдардын да укуктары сакталат. Адамдардын мүмкүнчүлүктөрү канааттандырылмакчы: билим берүүнүн, жумушка орношуунун жеткиликтүү чөйрөсү. Айтор кадимки адамдарга керектүү нерселердин бардыгы», — деди ал.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ишке орношуу маселелери боюнча изилдөөчү Любовь Шевченко: Майып адамдарда үмүт пайда болду

Шевченко «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, конвенция кабыл алынышы менен майып адамдарда эмгек, билим берүү жана медициналык кызмат жаатында бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болууга үмүттөрү пайда болду.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн анык болгон нерселерден — инфраструктура менен камсыз кылуудан баштасак жакшы болмок. Алардын көбү өз көйгөйлөрүн ушулардын жоктугу менен байланыштырат, кайсы бир саясий чечимдер менен эмес. Алар үчүн бул турмуш-тиричилигин жакшыртуу маселеси», — деди ал.

Шевченко өлкө бийлигинин Конвенцияны толук кандуу ратификациялоо боюнча карай жолунда акчанын жоктугу негизги тоскоолдук болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Анын наркы мамбюджет үчүн чоң жүк болду жана муну чечим кабыл алгандар айтышкан. Мен бул себеп бир күндө эле жоюлуп кетет деп ойлобойм. Ал атүгүл конвенциянын наркы кайра эсептелип чыккан күндө деле инерция боюнча акыл-эстерде сактала берет», — деди ал.

«Майыптарга юридикалык жардам берүү» фондунун президенти Толкунбек Исаков: Конвенцияны ратификациялоо — бул жеңиш

Исаковдун айтымында, Кыргызстан 10 жылда конвенциянын талаптарын аткарууга 6 млрд сомдон ашуун коротушу керек. Ошол эле маалда өлкөнүн бир жылдык бюджети 160 млрд сомго чукул акчаны түзөт.

«Социалдык мамлекеттик саясат түп тамыры менен өзгөрүшү керек. Эгер мурда майыптык маселесине айрыкча медициналык ыкма колдонулса, азыр болсо ал жөнүндө кеп болбошу керек. Укуктук жана социалдык мамиле болушу керек», — деди ал.

Конвенцияны ратификациялоого 8 жыл каражат жок болгон

Кыргызстанда жалпысынан 180 миңге чукул майып адам бар. Алар өлкө бийлигине бир нече жолу кайрылышып, конвенциянын ратификацияланышын тездетүүнү суранышкан.

Кыргызстан майып адамдар тууралуу конвенцияга 2011-жылы кол койгон, бирок бийлик сегиз жылдан бери ратификациялай албай келген. Эл аралык укуктун тилинде бул документ юридикалык күчкө ээ эмес болчу дегенди түшүндүрөт.

Ошол учурда өлкөнүн премьер-министр болуп турган Сапар Исаков 2017-жылы конвенцияны кабыл алуу Кыргызстанда БУУ талап кылган милдеттерди аткарууга акчанын жоктугунан жылдырылып келгенин айткан.

Конвенцияны ратификациялаган өлкө алгач эки жыл өткөндөн кийин аткарылган иштер тууралуу отчёт тапшырып, андан кийин отчёттер төрт жылда бир тапшырылып турушу керек болот. Мындан тышкары, өкмөт конвенциянын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөчү атайын орган түзүшү керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Amnesty майыптардын укуктары боюнча конвенцияны токтоосуз кабыл алууга чакырды