Оштогу мечит. Сулайман-Тоосунан көрүнүш. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Кыргызстандын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев өлкөнүн бардык мечиттеринин имамдарын жума баянды кыргыз тилинде гана окууга милдеттендирди. Эгер муктаждык жаралып калса жума баянды орус тилинде да окуса болот. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз чечимин «кыргыз тилин өнүктүрүү жана ынтымакты бекемдөө» деп түшүндүрдү.

Жума күндөрү баян окуунун жаңы эрежелери 6-мартта күчүнө кирген. Мурда имам жума баянын өзүнө жана мечитке келгендерге гана ылайыктуу тилде окуй алган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы (КМДБ) Максат Атабаевдин айтымында, жаңы эрежелердин негизги максаты — «кыргыз тилин өнүктүрүү жана өлкөдө биримдикти бекемдөө».

«Муфтият жуманын башка күндөрү мечиттин кызматчыларына баянды өлкөнүн бардык этносторунун тилдеринде окууга тыюу салбайт», — деди Атабаев.

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын башчысы Абдиллазиз Закиров кыргыз тилинде баян окууда маселе жаралбайт деп «Клоопко» айтты. Ал ишендиргендей, мечиттин башка улуттагы кызматчылары кыргыз тилин үйрөнүшкөн.

«Мисалы, Жалал-Абадда 11 мечит бар. Алардын ичинен сегиз мечитте өзбек улутундагы кызматчылар иштейт. Алар тараптан эч кандай нааразычылыктар болгон жок. Буга чейин аларда баяндарды кыргыз тилинде өткөрүү тажрыйбалары болгон», — деди ал.

Кыргыз тилин баары эле биле бербейт

Дин таануучу Икбалжон Мирсаитов муфтияттын мындай чечимди «эрте кабыл алды» деп эсептейт, анткени калктын бардыгы эле кыргыз тилин биле бербейт.

«Өзбектер тыгыз жашашкан Ош облусунда баяндарды орус же кыргыз тилинде окуп жаткандарын элестеткиле. Бир четинен бул анчейин баян деле болбой калат, анткени адамдар [анын маанисин] түшүнбөй калышат. Дунгандар менен уйгурлар жашаган жерлерде да ушундай болушу мүмкүн», — деди эксперт.

Анын айтымында, жума баянын окууда кыргыз же орус тилин билбегендиктен айрым имамдарда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Жума баяны жума намазга жарым саат калганда окулат. Адатта ал жарым саатка чейин созулат. Баян окулуп жаткан учурда имамдар мечитке келгендерге КМДБ бекитип берген темалар боюнча айтып беришет.

Мисалга алсак, баян учурунда имам ата-энелерге сый-урмат көрсөтүү, ден соолук же атүгүл жол коопсуздугу жөнүндө да айтып бериши мүмкүн.

Кыргызстанда 2600 мечит бар. Өлкөнүн динчил калкынын көпчүлүк бөлүгү исламды тутушат.

Автору: Аскарбек Мырзабеков

Авторлошу: Дамира Жуман кызы

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Рустам Халимов