«Супер-Инфо» «салык төлөөдөн баш тарткан» деп шектелүүдө. Басылма муну «рейдерлик кызыкчылык» деп атады

Иллюстративдүү сүрөт.

Белгилүү кыргыз тилдүү «Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова суракка чакыртылды. Финполиция басылманы «салык төлөөдөн баш тартуу» боюнча шектөөдө. Басылма өзү муну «рейдерлик кызыкчылык» деп атады.

Шатманова кабарлагандай, сурак 18-мартта өтөт. «Кечээ күнү редакциябызга финполициянын кызматкерлери келишти. Аларда менин атыма жазылган чакыруу бар экен. Биз аларды кызыктырган суроолорго дүйшөмбүдө жооп беребиз деп сүйлөштүк», — деди ал.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК/Финполиция) басма сөз борбору билдиргендей, алар басылманы өндүрүштүн көлөмүн азайтууга жана «салык төлөөдөн баш тартууга» шектешүүдө. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, гезитте көрсөтүлгөн тираждын нускасы «Супер-Инфону» басып чыгарган «ММКларды колдоо борбору» басмаканасынын сайтында көрсөтүлгөндөн айрымаланып турат.

Бирок ЭККМК кандай көлөмдө бузуу болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматты тактап берген жок.

Басылма ЭККМКны «рейдерлик кызыкчылыкты көздөө» боюнча айыптап жатат. Редакция тергөөчүлөр эмне үчүн басылманын нускасы жөнүндө маалыматты «Супер-Инфого» тиешеси жок «ММКларды колдоо борборунун» сайтында көрсөтүлгөн маалымат менен салыштырып жатышканын түшүнбөйт.

«Гезитке тиешеси жок башка бир ишкананын сайтындагы 6 жыл мурун жазылган маалымат үчүн оппозициялык басылманын башчысын суракка чакыруу акылга сыйбас көрүнүш», — деп эсептейт басылма.

«Супер-Инфонун» редакциясы 15-мартта билдиргендей, финполдун гезитке карата билдирүүсү «чындыкка коошпойт», анткени 2018-жылы февралда салык кызматы басылманы текшерген жана «бузууларды тапкан эмес».

«ММКларды колдоо борбору» да ушундай эле пикирди карманат. Уюм финпол «эскирген жана актуалдуу болбой калган маалыматтардан» улам «Супер Инфодогу» өндүрүш көлөмү боюнча туура эмес тыянактарды чыгарган.

«Супер-Инфодо» отчёт тапшырууга беш күн бар

ЭККМКнын басма сөз кызматы гезиттин «рейдерлик кызыкчылык» боюнча айыптоосуна жооп ирээтинде «салыктан баш таруу» тууралуу териштирүү учурунда «Супер-Инфо» өзү кызматташкысы келбей койгон, эми болсо «ушак таратуу менен алектенүүдө» деп билдирди.

«Өздөрүнүн уюмунун ичиндеги коррупциялык схеманы реалдуу түрдө жок кылуу жана кызматташуунун ордуна “Супер-Инфонун” өкүлдөрү чындыкка коошпогон маалыматтарды жарыялоо менен коомчулукту адаштырууда», — деп кабарлады ведомство.

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) басылмадан «бардык керектүү документтерди» 15 күндүн ичинде берүүсүн талап кылды. «Гезит ушул жылдын 20-мартына чейин тийиштүү кайра текшерүү иштерин өткөрүү үчүн суралган бардык документацияны берүүгө милдетүү», — деп салык кызматынан билдиришти.

«Супер-Инфо» — атасына бир жолу чыгып турган эң белгилүү кыргыз тилдүү гезит. «ММКларды колдоо борборунун» маалыматы боюнча, анын нускасы 90-100 миң экземплярды түзөт.

«Супер-Инфо» басылмасы менен Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси жана экс-соцөнүгүү министри Кылычбек Султан байланыштуу. Азыр ал учурдагы бийлик менен болгон пикир келишпестиктерден улам өлкөнүн чет жакасында жүрөт.

Редактору: Анна Капушенко