Токтотмобу же көк шиберби? «Бишкек жашыл чарбанын» жумушчулары менен жеке ишкерлер жашылдандыруунун айынан урушуп кетишти

Сүрөт: Аида Айдаралиева

Бишкектин Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу бюросунун кызматкерлери «Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлерине көк шибер отургузууга жолтоо болушкан. Алар муну мэрия ал жерде унаа токтотмо жай курууну убадалаганы менен түшүндүрүштү.

«Бишкек жашыл чарба» менен акча алмаштыруу бюросунун кызматкерлери ортосундагы чыр 15-март күнү эртең менен болду. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева жазды.

В то время, как мы стараемся озеленять каждый клочок земли в городе, САМИ горожане выступают против озеленения. Прямо сейчас на пересечении Мира и Киевская. ЛЮДИ ГОТОВЫ ДРАТЬСЯ С РАБОЧИМИ, угрожают директору, что вытопчут газон, не дадут проводить работы. Будет парковка. На руках документов нет, но препятствуют работам.РЕПОСТ

Posted by Aida Aidaralieva on Thursday, March 14, 2019

Айдаралиева «Клооптун» журналистине курган маегинде «Бишкек жашыл чарба» ишканасы Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки Тынчтык проспектисиндеги участокту жашылдандыраарын билдирди.

«Эртең менентен баштап эле кызматкерлерибиз жерди айдоо үчүн даярдай башташкан, ал жерге жакын жайгашкан [акча алмаштыруу бюролорунун кызматкерлери] 10 адам чыкты. Жумушка тоскоолдук жаратып, кээ бир жумушчулардын колунан күрөктөрүн тартып алып бербей жатышты [...] бирок мушташуу болгон жок», — деди ал.

Анын айтымында, жеке ишкерлер бийлик менен жашылдандырыла турчу жерде унаа токтотмо жайын куруу жөнүндө макулдашышканын ырасташкан.

«Бирок бул жөнүндө аларда эч кандай документ жок. Биз аларга мэрияга кайрылгыла, анткени бул жерде жумушчулардын [Бишкек жашыл чарбанын] эч кандай тиешеси жоктугун айтканбыз. Алар жөн гана тапшырманы аткарып жатышат», — деди Айдаралиева.

Ал кошумчалагандай, акча алмаштыруу жайларынын айрым кызматкерлери топурак жүктөлгөн машинанын алдын тороп алышып, аны түшүрүүгө жолтоо кылышкан. «Алар биз көк шибер эгип жаткандыктан, кардарлары азая турганын айтышууда», — деди басма сөз катчы.

Кардарларды кантебиз анан?

Ал жерде иштеп аткан кызматкерлер Кактус Медиага капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылышканын, атүгүл алар үчүн унаа токтотуучу жай куруп берүүнү суранып президенттин атына кайрылуу жазышканын билдиришкен.

«Мэрия жактан бизди эч ким ойлобойт. Бир нерсени убадалап, кийин башканы кылышат. Биз салык төлөйбүз да. Эмне үчүн алар биздин иштешибизге шарт түзүп бере алышпайт? Эгер бул жерде унаа токтотмо жай болбосо, биз кардарларыбызды жоготуп алабыз», — деп айтып берген ишкерлердин бири.

Алардын айтымында, алар көк шибердин эгилишине каршы, анткени алардын жумушунун жанына унаа токтотуучу жайларды куруп берүүнү убадалашкан.

«[Бизге] токтотмо жайды 1-майга чейин куруп беребиз деп убадалашкан. Биз бул [жумуш] жерлерди ижарага алабыз, ай сайын патентке 10 миң сомдон төлөйбүз. Бул жактагы бир жерде 10го чейин киши иштейт [...] Кардарлар кантип бул жерге [келиши керек]?», — деп айтты акча алмашуу бюросунун башка кызматкери.

Шаар тургундары менен экологдор бир нече жолу бактардын кыйылышына каршы чыгышып, бийликтен шаарды жашылдандырууну талап кылышкан. Шаардыктарды Бишкектеги кара түтүн маселеси да кабатырлантат. Айрыкча ал кышкысын абдан байкалат.

Бийлик тыгын маселесин чечүү жана жолдорду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюуда. Бирок ошол эле учурда айрым жерлерде унаа токтотуу үчүн өзүнчө жайлар каралбай келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эски автоунааларга салык салуу. Активисттер жана депутаттар абанын булганышы менен кантип күрөшүү керектигин сунушташты