Видео: Новопавловкада үч турак жай жана оор жүк унаасы өрттөнүп кетти

Өрттөн кийинки абал. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев / Kloop.kg

Чүй облусундагы Новопавловкай айлында жеке турак жай өрттөнүп, анын натыйжасында дагы эки жеке турак үй, оор жүк унаасы жана контейнер күйүп кеткен. Тилсиз жоо түшкө маал саат 12де чыгып, анын үч саттан кийин өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.

Маалымат саат 17:50дө жаңыртылды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт толугу менен саат 15:42де өчүрүлгөн. Ведомстводон кошумчалашкандай, Новопавловкадагы айылдын Фрунзе көчөсүндөгү үй өрттөнгөн. Тилсиз жоо менен беш өрт өчүрүү техникасы күрөшкөн.

Буга чейин мекменин басма сөз борбору өрт саат 13:18де чектөөгө алынганын кабарлаган. ӨКМдин маалыматына ылайык, жабыркагандар жана каза тапкандар жок.

Өрттүн натыйжасында жалпы 420 чарчы метрди түзгөн үч турак үйү, андан тышкары, оор жүк унаасы менен контейнер өрттөнүп кеткен. Азырынча ӨКМ тилсиз жоонун келип чыгуу себептерин айта албайт — бул экспертизадан кийин белгилүү болот.

Мурдараак өрт Бишкектеги Костанай жана Сыдыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде чыкканы кабарланган. Ал эми кийинчирээк ӨКМдин басма сөз кызматынан Архангельск көчөсүндөгү үй өрттөнүп жатканын айтышкан.