Бишкектин тез жардам кызматынын айдоочуларын «Коопсуз шаардын» камералары боюнча айыпка жыгышууда. Алар жумуштан кетебиз деп жатышат

Иллюстративдүү сүрөт

Бишкектин тез жардам кызматынын айдоочулары 17-мартта билдиришкендей, алар чакырууларга шашып, жол кыймыл эрежелерин бузууга аргасыз болушканы менен аларды «Коопсуз шаардын» камералары боюнча айыпка жыгып атышкандыктан жумуштан кеткилери келет.

Алар штрафтарды өз чөнтөктөррүнөн төлөөгө туура келээрине нааразы болушууда, себеп дегенде тез жардам кызматынын бюджетинде буга акча каралган эмес.

Бишкек мэриясы бул маселени чечүүгө аракет кылууда. Маалыматка ылайык, алар камералар алардын эреже бузуулары каттоого алынбоого тийиш болгудай тез жардам унааларынын тизмесин түзөт.

«Алар [камералар] тез жардам унааларынын эреже бузууларын каттабашы үчүн биз бул тизмени ЖКККББга жөнөтөбүз, себеби бул атайын багыттагы транспорттор. Бирок бул тез жардамдын айдоочулары ээн баштык кылышы керек дегенди билдирбейт», — деди «Клоопко» мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Оторов штрафтартарга макул болбогон тез жардам унааларынын айдоочуларын шаардык Мониторинг борборуна кайрылууну сунуштады.

«Мониторинг борборунда эреже бузуу катталган жерлерден сүрөттөр эле эмес, 15-20 секунддук видеолор да бар. Мониторинг борборунун кызматкерлери баарын көрсөтүп, айтып беришет. Ал жактан алар бардык маселелерди чече алышат», — деди Оторов.

Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов өзүнүн твиттер аккаунтунда патрулдук милициядан түшүндүрмө алганын жазган: «Эгер камерадан алынган сүрөттө унаанын атайын жарыктары [мигалка] көрүнбөсө, анда штраф унаа кайсы чакырууга бара жатканына карабастан келип турат».

Ал белгилүү бир машиналардын эреже бузууларын каттоого албагыдай маалымат базасынын бар-жогуна күмөн саноодо.

«ЖКККББнын өкүлдөрү билдиришкендей, ушул сыяктуу эле милициянын машиналарын да штрафка жыгышат. Бирок биз үчүн бул чечилбеген маселе боюнча калууда, анткени маяктардын күнү-түнү иштешин камсыздоо оор. Алар жөн гана бат эле катардан чыгып калышат», — деди ал.

Ал эгер маселе чечилбесе, айдоочулар тез айдоодон баш тартышып, натыйжада бейтаптар жабыркап калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Тез жардам унаасынын айдоочусунун маянасы 10-12 миң сомдү түзөт. ЖМКлар айдоочуларга жазылып берилген беш айып пулу жөнүндө кабарлашты, алардын кээ бири үч миң сомго жазылган.

Редактору: Анна Капушенко