Чек ара кызматы: Жолдор жабык, бирок кыргыз-тажик чек арасындагы абал «туруктуу»

Аксайдын эвакуацияланган тургундары. Сүрөт: Чолпон Бердикулова / өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды «туруктуу» деп атады, бирок Баткен — Лейлек жолу дагы деле жабык. Кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда.

Чек арадагы чырдан улам эвакуацияланган аялдар менен балдар туугандарыныкында калууну улантышууда, алардын дагы бир бөлүгү ооруканалардын жана лецейлердин жатаканаларына жайгаштырылган. Чек арага чектеш Аксай айлынан бийлик 760тан ашуун аял жана баланы эвакуациялаган.

«Кызыл жарым айдын» жана башка бейөкмөт уюмдардын ыктыярчылары жергиликтүү тургундарга азык-түлүктөрдү жана биринчи керектөөдөгү буюмдарды жеткирип беришүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күнү эртең менен башталган. Тажикстандын бийлиги билдиргендей, чырдын айынан эки тажикстандык каза тапкан. Кыргызтандын бийлиги үч жарадар кыргызстандык тууралуу маалымдоодо.

Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух тажик анклавынын тургундары Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолдун курулушуна нааразы. Чек арага жакын жайгашкан аймактын тургундарынын ортосундагы чатак таш ыргытуудан баштап ок чыгарууга чейин жеткен.

«Чыр-чатак башталгандан бери чек арага жакын жайгашкан Аксай (Кыргызстан) айылы менен Ворух анклавынын жергиликтүү тургундары агрессивдүү маанайда болушкан», — деп чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тажик бийлиги «ок чыгаруу кыргыз тараптан болгон» деп ырастоодо. Андан тышкары, тажик бийлигинин версиясы боюнча, кыргызстандыктар Исфара — Ворух жолун тороп алып, тажикстандыктарды өткөрбөй коюшкан.

Аксай —Тамдык айланып өтүүчү жолу стратегиялык маанилүү деп эсептелет, себеп дегенде анын курулушу бүткөндө Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарынын тургундары Тажикстандын Ворух анклавына кирбестен эле Баткендин башка райондоруна бара алышат.