Кыргызстан жана Тажикстан чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча макулдашты

Кыргыз-тажик чек арасы. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Кыргыз тараптан документке вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, ал эми тажик тараптан премьер-министрдин орун басары Азим Иброхим кол койгон. Тараптар тосулган автожол каттамдарын ачуу жөнүндө, андан тышкары, Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун курулушун жандандыруу тууралуу макулдашты.

Эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу кыргыз-тажик чек арасында жүз берип, үч күнгө чейин созулуп кеткен чырдын кесепеттерин изилдеп жатышат.

Тажикстандын бийлиги билдиргендей, чыр-чатактан улам эки адам каза тапкан, ал эми кыргыз тарап үч адам жарадар болгонун кабарлаган.

Эки өлкө Кыргызстан үчүн маанилүү Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун курулушун жандантууну макулдашты.

Жергиликтүү тургундар эми мурдараак чыр-чатактын айынан жабылып калган бул аймактагы авто жолдордон кайрадан эркин жүрө алышат. Аксайдын тургундары үйлөрүнө кайра качан кайтып барышаары азырынча белгисиз. Буга чейин 700 адам чек арадагы чатактын айынан эвакуацияланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 13-март күндүзү башталган.

Кыргыз тараптын версиясы боюнча, Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух тажик анклавынын тургундары Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун курулушуна нааразы. Чек арага жакын жайгашкан аймактын тургундарынын ортосундагы чатак таш ыргытуудан баштап ок чыгарууга чейин жеткен.