Токмок: Жергиликтүү кеңештин депутаты көчө мушташынан каза тапты

Иллюстративдүү сүрөт

Чүй облустук Башкы ички иштер башкармалыгынын (БИИБ) басма сөз кызматы билдиргендей, милиционерлер бычактан жараат алып, каза болгон кишинин денесин 17-мартта табышкан. Ал жергиликтүү кеңештин 29 жаштагы депутаты экени аныкталган. Кийинчирээк ооруканага бычактан алган жарааты менен дагы бир киши кайрылган.

Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарына таянып билдиргендей, 17-март күнү кечинде депутат жана анын эки досу Ленин проспектисиндеги «Космос» кинотеатрынын жанында турушкан. Алардын жанынан 10 киши өтүп баратканда ортолорунда кайым айтышуу орун алып мушташка өтүп кеткен.

«Мушташуудан улам эки киши бычактан жараат алышкан. Жарадар болгондордун бири каза таап, анын досу бейтапканага жаткырылган. Жаш балдар кол салуудан кийин качып кетишкен», — деп билдирди басылма.

Кылмыш жасоого шектелген адам милиция тарабынан кол түшүрүлгөн — ал 24 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Тергөө жүрүп жатат.