Якутсктун тургундары «Триумфтагы» митингде. Сүрөт: «Якутия.Инфо»

Орусиядагы Якутск шаарында жергиликтүү тургунду зордуктоо боюнча шектелген кыргыз мигрантынын кармалышынан кийин экинчи күн бою мигранттарга каршы маанай уланууда. Бул окуядан кийин шаарда башка мигранттардын дарегине карата агрессиялар көбөйдү, ал эми бийлик алардын арасында текшерүүлөрдү баштады.

Эмне болду? 17-март күнү зордукталганын айткан жергиликтүү тургун Якутиянын полициясына арыз менен кайрылган. Аялдын айтымында, белгисиз адам аны машинасына салып алып, башка жерге алып барып зордуктап, андан соң өзүнүн тааныштары иштеген автоунаа оңдоочу жайга таштап кеткен. Ал жактан аял качып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышка шектүү адам 18-мартта колго түшүрүлүп, сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген. Шектүүгө жана анын тааныштарына каршы кылмыш иши козголгон.

Кыргыз мигранттарынын кандай тиешеси бар? Тергөө башкы шектүүнүн кайсы этникага таандык экенин ачыктаган эмес, бирок Якутск боюнча кылмышты Кыргызстандан келген мигрант жасады деген кептер тарап кеткен. 17-март күнү кечинде Якутсктун 200гө чукул тургуну Комсомол аянтында «мигранттарга каршы митингге» чыгышкан. Чогулгандарга Якутия башчысынын администрациясынын жетекчиси Фёдор Борисов чыгып, аларды жергиликтүү «Триумф» спорткомплексинде өтө турчу бийлик менен макулдашылган иш-чарага келүүгө чакырды. Эртеси «Триумф» спорткомплексинде жети миңге чукул адам чогулган.

Бийликтин реакциясы. Якутсктун мэри Сардана Авксентьева «[элдин] сабыры кеткенин» билдирип, такси кызматтарын, жалпы тамактануучу жайларды жана соода түйүндөрүн пландан тышкары текшерүүнү буйруган.

«Адал бизнес жасап, салык төлөгүсү келбегендерди, биздин жумуш орундарыбызды ээлеп аткандарды жоопкерчиликке тартуу керек [...] Шаар башчысы катары, бул жерде чогулгандардын көпчүлүгүн эжеси жана карындашы катары силерден чагымга алдырбоону суранам», — деп билдирди Авсксентьева.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев мындай окуяга «жол берилбеши» керек деп билдирди. «Биз өз жерибиздебиз [...] мен жаңы прокурор, ФККБ (Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгы), ИИМдин жетекчилери менен кеңешме өткөрдүм. Жакынкы убакта бардык мигранттарды текшерип чыгып, мыйзам бузгандарын депортация кылып, мыйзам бузган ишканаларды жабууну тапшырдым», — деди ал.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү үчүн Кыргызстандын делегациясы Якутскка учуп кеткен. Андан тышкары, жергиликтүү тургундардын дарегине шек келтирген видео жаздырып, аны «Инстамграмга» чыгарып салган кыргыз студентин коопсуздук максатында Якутсктан Кыргызстанга жөнөтүштү.

«Биздин жарандар кайсы өлкөгө барышпасын, ошол өлкөнүн мыйзамсын сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого тийиш», — деп билдирет Кыргызстандын ИИМи.

Якутиянын коомдук палатасы тургундарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, «кылмыштын улуту жоктугун» билдирди.

Агрессия жана мигранттарга карата коркутуулар. Жергиликтүү бийликтин чакырыгына карабастан, айрым жергиликтүү тургундар Якутскта иштеп жүргөн мигранттарды коркута башташкан. Жергиликтүү WhatsApp тайпаларда мигранттарды жазалоо, коркутуу каттары жайыла баштаган. Андан тышкары, Борбор Азиянын атуулдары көрсөткөн кызматтардан колдонбоо чакырыктары пайда болгон.

18-март күнү кечинде жети адам Якутсктагы автобустун айдоочусуна кол салышкан. Мындан кийин ондогон айдоочулар жумуштарына чыкпай коюшкан.

«Жумушка чыкпай койгон айдоочуларды да түшүнсө болот — алар өз ден соолук жана өмүрлөрү үчүн коркушат. Азыр эң башкысы — мындан аркы аракеттерди аныктоо үчүн бул толкундардын логикалык аягын күтүү керек», — деп билдирет автопарктын өкүлү Сергей Максимов.

Аталган окуядан кийин жумушка таксисттер да чыгышкан жок, ал эми мигранттар эмгектенген кээ бир соода түйүндөрү талкаланган.