Кыргыз делегациясы Якутиянын бийлиги менен жолугушту, кырдаал полициянын көзөмөлүндө

Кыргыз делегациясы Якутия бийлиги менен жолугушуу учурунда. Сүрөт: news.ykt.ru

«Якутия боюнча жалпы орусиялык кыргыз конгресси» аймактык бирикмесинин төрагасы Жазбек Бекболиев «Клоопко» билдиргендей, 19-март күнү Якутскта кыргыз делагациясынын Якутия бийлиги менен сүйлөшүүлөрү өттү.

Бекболиев кошумчалагандай, 20-мартта кыргыз делегациясы Якутсктун мэри Сардана Авксентьева менен да жолугушмакчы.

Анын айтымында, азыр Якутсктагы кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

«Кырдаал басаңдап калды. [...] Эгер кандайдыр бир [чатактар] болгон болсо да алар анча-мынча эле. Эң башкысы Якутияда жашаган кыргыздар дүрбөлөңгө түшпөсө эле болду. Коомдук тармактарда [туура эмес маалыматтар] тарап жатат», — деди Бекболиев.

Бекболиев ырастагандай, автобус менен таксилердин айдоочулары болуп иштеген жана азык-түлүк саткан кыргыз мигранттарынын бир бөлүгү өз коопсуздугуна тынчсыздангандыгы үчүн жумуштарына чыкпай жатышат.

«Биз ИИМдин [Якутиянын] министрине бардыгы көзөмөлдө экенин жана адамдар жумушка чыга берсе болоорун билдирген маалыматты таркатууларын суранып кайрылганбыз. Алар мындай билдирүү даярдалып атканын айтышты. Бирок учурда адамдар иштеше элек», — деди Бекболиев.

Анын айткандары боюнча, укук коргоо органдары кыргыз мигранттарына көрсөтүлгөн агрессия учурлары боюнча «тергөө иш-чараларын» өткөрүшүүдө.

Бекболиев жергиликтүү калктын кыргыз мигранттарына карата нааразычылыктары «топтолгонун» билдирди.

«Жарым жыл мурда да Кыргызстандын атуулу тарабынан жасалган зордуктоо болгон. [...] Жалпысынан төрт чуулуу окуя болгон [...] Ошондуктан жергиликтүү тургундардын биздин мекендештерге карата кастыгы көп», — деди Бекболиев.

Якутиянын өкмөтүнөн кыргыз диаспорасын мигранттар менен тыгыз иштешүүгө чакырышты. Республикадагы мигранттардын саны тогуз миңден ашат.

«Диаспора мыйзамсыз жүргөндөрдү өз алдынча аныктап, мыйзамдуу чараларды көрүү үчүн көмөктөшүшү керек», — деп билдирди Якутиянын администрациясынын башчысы Фёдор Борисов.

Якутскта мигранттарга карата кырдаал 18-март күнү шаарда жергиликтүү тургунду зордуктоого шектелген Кыргызстандын атуулу кармалган учурда начарлап кеткен. Ошондон кийин шаарда миңдеген адам катышкан митингдер өтүп, ал эми бийлик мигранттардын арасында пландан тышкаркы текшерүү иштерин баштаган.

Бул боюнча кеңири маалымат: Мигранттарга каршы акциялар жана текшерүүлөр. Жергиликтүү тургун зордукталгандан кийин Якутияда эмне болуп жатат?