«Кыргыз элин парламент карызга батырган жок» — спикер Жумабеков Атамбаевди сынга алды

Дастан Жумабеков. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков 20-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаевди ал өлкөнү башкарып турганда коррупцияга «жол берип», анын айынан «эл карызга батып кеткендиги» үчүн сындады. Спикер Атамбаевдин 2019-жылы 17-мартта Аксый окуясына арналган митингде парламенттин дарегине айткан сөздөрүнө ушинтип жооп кайтарды.

«Урматтуу Алмазбек Шаршенович, өлкөнү сиз жетектеген 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта [...] ири коррупциялык иштерге жол берилген, кыргыз элин карызга батырып, сиздин жан жөкөрлөрүңүздүн байыган, атүгүл бийликти узурпация кылуу аракети болгон. Булар сиз өлкө башчылыгынан кеткенден кийин билинип отурат. Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн 386 млн доллардын каяка жумшалганы дагы деле суроо бойдон калууда», — деп айтты Жумабеков.

Спикердин айтымында, Атамбаев жада калса кызматынан кеткенден кийин да өз адамдары аркылуу бийликти «тизгинде кармаган». «Сиздин таасириңиз парламентте да сезилип турду, бирок буга карабастан парламент комиссия түзүп, ЖЭБ долбоорунан 100 млн доллар уурдалганын аныктады».

Ал Атамбаев «ыйгарым укугунан кыянат пайдаланганын» жана «өзүнүн каршылаштарын куугунтуктаганын» билдирди. «Урматтуу Алмазбек Шаршенович, мыйзам алдында бардыгы бирдей. Эгер күнөөлөрү далилденсе, ар бири өз жазасын алышат».

Атамбаевдин 2019-жылдын 17-мартында Аксы окуясына арналган митингде Жогорку Кеңештин дарегине айткан сынына ушинтип жооп берди Жумабеков.

Атамбаев ал убакытта депутаттар учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси эсептелген парламентарий Асылбек Жээнбековдон көз каранды деп билдирген. Экс-президент депутаттарды Асылбек Жээнбековдун буйругу менен «чимкириктерин тарткан» же «чимкиришкен» «чимкириги агып турган кичинекей балдарга» салыштырган.

Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши

Жогорку Кеңештин спикери парламентте учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өлкө башчысы Атамбаевдин ортосундагы тирештин шартында билдирүү жасады.

2018-жылдын жаз айларынан тарта Атамбаев Жээнбековду маал-маалы менен сынга ала баштап, бул алардын ортосунда араздашууну жараткан. Мурдагы президент учурдагы өлкө башчысын «кландык башкарууга», анын ичинде коррупция боюнча шектелген бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов менен «достук мамиледе болуусуна» айыптай баштаган.

Ал эми Жээнбеков буга карата жооп ирээтинде «кландык башкарууга жол бербестигин» жана коррупцияга каршы күрөштү улантаарын билдирген. Жээнбековдун учурунда жогорку кызматтарды ээлеген Атамбаевдин дээрлик бардык үзөңгүлөштөрү коррупция боюнча айыпталышкан.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашынан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.

КСДП өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялаган, бирок парламенттеги фракция көпчулүк коалицияны жетектөөнү уланта берет.