Жеңиш Разаков: Кыргызстан Тажикстан менен чыр чыккан аймакта дагы бир жол курат

Ворух анклавы. Баткен облусу. Сүрөт: Жанарбек Жолдошбаев RFE / RL

Тажикстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз бийлиги чек арага жакын аймакта дагы бир жол курмай болду. Буга чейин кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалда эки тажикстандык каза таап, үч кыргызстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын бийлиги Аксай — Тамдык каттамы боюнча жол курмак, бирок курулуш иштери башталганда эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

Жыйынтыгында, Кыргызстан Аксай айылын айланып өтүп Тажикстандын Исфара жана Ворух аймактарын бириктирген дагы бир жол курууну убадалады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Ворух — Тажикстандын Кыргызстандагы анклавдарынын бири. Эки өлкөнүн бийлиги СССР кулагандан кийин ондогон жыл өтсө да өз чек араларын тактай албай келгендиктен, анын айланасында мезгил-мезгили менен чыр-чатактар чыгып келет.

«Кээ бир серепчилер [Кыргызстан Тажикстанга] коридор берди деген ойду айтып жатышат экен. Эч кандай коридор берилген жок, ал жолдорго эч кандай статус берилген эмес. Аксайдын сыртынан курулуп жаткан [Ворух — Исфара жолу] жеңилдик түзүш үчүн кошумча жол катары курулуп жатат. Аны менен Кыргызстандын да Тажикстандын да жарандары пайдалана алышат», — деди Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар мал-жандыктарын жайыттарга Ворух анклавына кирбей айдап өтүшү үчүн салынып жаткан Аксай — Тамдык жолунун курулушу аягына чыгарылат.

«Протоколдо белгиленип кеткендей, Аксай — Тамдык жолун кыргыз тарап куруп, аягына чыгарат деп чечиштик. Анын курулушу башталган. Бул боюнча жалданмачыны тандоо боюнча бардык тендердик маселелер чечилген. Ушул багыт боюнча иштерди аягына чыгарабыз», — деп Разаковдун айткандарын 24.kg басылмасы келтирет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Кыргызстандын Аксай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосундагы чыр Кыргызстандын Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунунун курулушунан улам 13-мартта чыккан.

Ворухтун тургундары бул жолго каршы чыгышкан, анткени алардын пикири боюнча, жол Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жер тилкелери аркылуу өтөт. Ал эми кыргыз бийлиги болсо жолдун курулушу Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын билдирип келишет.

Курулуп жаткан жол боюнча анклав менен кыргыз айылдарынын ортосундагы пикир келишпестиктер таш ыргытуудан баштап ок чыгарууга чейин жеткен. Тажикстандын бийлигинин маалыматына ылайык, жаңжалдын айынан эки тажикстандык каза тапкан, ал эми кыргыз тарап жарадар болгон үч кыргызстандык тууралуу маалымдады.

Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.