Якутсктун шаардык соту аялды зордуктоо иши боюнча дагы эки кыргызстандыкты камакка алды

Иллюстративдик сүрөт / RFE / RL

Кыргызстандыктар 17-майга чейин камакта болушат. Тергөөчүлөр зордуктоого шектелген адам аялды унаа оңдоочу жайда иштеген кыргызстандыктарга алып келип берген деп эсептешет. Камакка алынгандардын бардыгы кыргызстандыктар.

«Якутия боюнча жалпы орусиялык кыргыз конгресси» аймактык бирикмесинин төрагасы Жазбек Бекболиев Znak.com басылмасына билдиргендей, ал зордуктоого шектелгендер менен жолугуша алган.

«Ал бир жыл мурда Якутияга келген жаш бала экен. Күндүз курулушта, ал эми кечкисин кошумча такси кызматында иштеп жүргөн. Башка дагы эки шектүү анын достору болот, алар 24-25 жаштагылар. Булардын бардыгы Кыргызстандан келишкен», — деди Бекболиев.

Якутсктагы мигранттарга каршы толкундоолор полиция жергиликтүү тургунду зордуктоого шектелген кыргызстандыкты кармагандан кийин 17-мартта башталган. Кийинчерээк бул окуяга байланыштуу шаарда миңдеген адамдын катышуусундагы митинг өткөн, ал эми бийлик эмгек мигранттарынын арасында текшерүүлөрдү күчөткөн.

Якутскка шашылыш түрдө жергиликтүү бийлик менен жолугушканы кыргыз делегациясы барган. Кырдаал учурда полициянын көзөмөлүндө, бирок «антимиграциялык митингдерден» улам кыргызстандыктардын көпчүлүгү дагы деле коопсуздук максатында жумушка чыгуудан коркушууда.