Жалал Абад: Мектептин ажатканасында жети жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген киши кармалды

Иллюстративдүү сүрөт

Базар-Коргон районундагы мектептердин биринин ажатканасында даярдоо классынын окуучусун зордуктамакчы болгон 35 жаштагы адам кармалды. Милициядан окуяны тастыктап, «зордуктоо» фактысы менен катталганын билдиришти.

Окуя 20-мартта саат 11:30дар чамасында райондун Макаренко мектебинде болгон. Белгисиз адам мектепке чейинки даярдоо классында окуган кызды короодогу ажатканада зордуктоого аракет кылган.

Ажатканадагы окуучунун кыйкырганын угуп калган жогорку класстын окуучулары аны шектүүнүн колунан сууруп чыгышкан. Бул тууралуу мектептин директору Гүлнара Эргешова «Клоопко» билдирди.

«Биз угуп калып эле милицияга кабар бердик. Алар келип [шектүүнү] алып кетишкен. Эми калган ишти милиция өзү жүргүзүп өзү чечет», — деди Эргешова.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Камчыбек Шаболотов «Клоопко» аталган окуяны тастыктады.

«Ошол эле күнү шектүү катары 1984-жылкы бала кармалган. Ал мас абалында болгон», — деди Шаболотов.

Милициядан аталган факт «зордуктоо» деп катталганын билдиришти. Шектүү РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.