Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев BBCнин кыргыз кызматына маек куруп, революцияга жана бийликтин алмашуусуна алып келген 2005-жылдын 24-мартындагы окуя тууралуу айтып берди. Анда Акаев үй-бүлөсү менен кошо качууга аргасыз болуп, ал эми Курманбек Бакиев Кыргызстанды жаңы лидери болуп калган.

Өз интервьюсунда мурдагы өлкө башчысы каршылык акциясынын катышуучуларынын көпчүлүгү «криминалдын өкүлдөрү» болгонун билдирди — бул тууралуу ага жардамчылары «өзүңүз деле көрүп турасыз» деп айтышкан.

Ошондой эле Акаев ага каршылыкка чыккандарга каршы күч колдонууну сунушташканын, бирок андан баш тартып, кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Андан тышкары, саясатчы оппозицияны жана мурдагы президент Курманбек Бакиевди Аксы окуясындагы курмандыктар үчүн күнөөлүү деп айыптаган*.

* 2002-жылы Жалала-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары кыргыз жерлеринин бир бөлүгү Кытайга өткөрүлүшүнө каршы нааразычылык көрсөтүп чыгышкан. Укук коргоо органдары нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы курал колдонушуп, алты адам курман болгон. Ал учурда Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп турган. Ал бийликте турган кезде митингчилерди атуу үчүн күнөө жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.