Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Алмазбек Атамбаев жана Ирина Карамушкина. Сүрөт: Ирина Карамушкинанын фейсбугу

Эл өкүлү Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Асел Кодуранова, парламентарий Мурадыл Мадеминов жана өзү тартылган сүрөттү жарыялады. Карамушкина өзүнүн постун «Т 34тө төрт экипаж адам калды. Биз согушту кабыл алабыз» деген сөз менен бөлүшкөн.

«Бул деген депутаттардын бардыгынын ичинен Атамбаев менен коркпогон биз үчөөбүз эле калдык дегенди билдирет [...] Бардыгы тең тескери бурулуп кетишти, үндөбөй отурушат, тынчып калышты. [Партияда] тартипсиздик болуп атканын эч ким ордунан туруп ачык айтпай жатат. Биз үчөөбүз гана калдык, биз Атамбаев партиянын расмий лидери деген позициябызды аныктап алдык», — деп түшүндүрдү Карамушкина «Клоопко».

Ал «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөлөрү уюштуруп жаткан конференциялар менен съезддердин бардыгы «президенттик аппараттын жана президенттин инисинин [депутат Асылбек Жээнбековдун] “буйругу” менен» өтүп атканын кошумчалады. Ушуга окшогон эле билдирүүнү КСДПдан да билдиришкен.

«Партияны уялбастан ушинтип тартып алуу мыйзамга каршы келет. Партиянын эн белгисин колдонуу [...] Мен мындай калп конференцияга [Атамбаевсиз КСДП] өзүм да катышкам, ал жакта куулган, таарынып калган активисттер бар», — деди ал.

КСДПдагы ыдыроо

КСДП учурдагы бийликтин оппозициясына өтүп жаткандыгы тууралуу 18-мартта жарыялаган. Билдирүү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда болуп аткан араздашуунун шартында болгон. Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары Атамбаевдин колдоосунун астында КСДПдан көрсөтүлгөн.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашынан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.