Фрунзе. Иллюстративдүү сүрөт

@bishkek_kg инстаграм аккаунтуна жазылгандардын саны 21 миңден ашуун. Анын автору журналист Эрнис Темиркан алты жылдан ашуун коомдук тармактардагы аккаунттарды башкарып, аларда ал Бишкектин архивдик жана тарыхый сүрөттөрүн бөлүшүп келет.


Темиркан The Diplomat басылмасына курган маегинде анда 1980-жылдардагы сүрөттөрдүн кеңири санарип жыйнагы бар экенин айтып берген.

«Мендеги 90-жылдары тартылган [санарип сүрөттөрдүн] жалпы саны 100гө да жетет деп ойлобойм. Менимче, анын себеби ал кезде абалдын өтө оор болгондугунда», — деп эсептейт ал.

Темиркандын өзүнүн коллексиясы бар болгонуна карабастан, ал аккаунтуна жазылган адамдар жөнөткөн сүрөттөрдү да жарыялап турат. Анын айтымында, эң баалуу салымды Тунук аттуу студент кошкон — ал ага 300дөн ашуун уникалдуу тарыхый сүрөттү өткөрүп берген.

«Анын кошунасы мешке уникалдуу фотопленкаларды жакчу экен. Тунук мектеп окуучусу болуп жүргөн кезинде эле бул кадрлардын баалуулугун түшүнүп, кошунасынан үч жүз нусканы сурап алып койгон экен», — деп айтып берди Темиркан.

https://www.instagram.com/p/Bos5sQjFTk-/

https://www.instagram.com/p/Bop8zmNFKdO/

https://www.instagram.com/p/Bu5Jrw2HnRu/

https://www.instagram.com/p/BvL2nxMnKcc/

https://www.instagram.com/p/BusNW9ZHnTY/

https://www.instagram.com/p/BvI9G5vHWZw/

https://www.instagram.com/p/BuklY3OHQef/

https://www.instagram.com/p/BtEA6hZH9rL/

https://www.instagram.com/p/Bsszw7VnnGY/

https://www.instagram.com/p/BuGbEUXHzu1/