Дүйшөнбек Зилалиев. Сүрөт: Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы


«Силер ич ара талаш-тартышыңар менен баарын тажатып жибердиңер! Силер өлкөнү кооптуу чекке такап койдуңар. Кыргызстандын эли жана бүтүндөй өлкө бул “согуштун” курмандыгы болуп калды»


Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев ЖМКлар аркылуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал саясатчыларды элдешүүгө чакырды. Анын айтымында, тирешүүдөн «үчүнчү тарап» гана пайда көрөт, анын айткандары боюнча кеп кайсыл тарап жөнүндө болуп атканы түшүнүксүз.

Ошондой эле ал Жээнбековдон тергөө изоляторунан (ТИЗО) экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди, «Электр станцияларынын» экс-директору Салайдин Авазовду жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча долбоордун директору болгон Темирлан Биримкуловду бошотууну суранды. Алардын баары жылуулук электр станцияны жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча айыпталуучу катары өтүшүүдө.

«Сиз өзүңүз азыр 60 жаштасыз. Сооронбай Шарипович, алардын абалын сезип көрүңүзчү. Мен эмне тууралуу айтып атканымды түшүнсөңүз керек. Алардын ден соолуктары начар. Алар дээрлик бир жылдан бери отурушат жана жетиштүү эле баштарынан өткөрүштү», — деп эсептейт Зилалиев.

Атайын кызмат Зилалиевди мыйзамсыз байыган деп айыптоодо. Аткаминерден декларацияга киргизилбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе жайлары жана кымбат баалуу жасалгалар табылган. Расмий маалыматтарга ылайык, Зилалиевдин жана анын аялынын 2011-2017-жылдарга карата кирешеси болгону 3 млн сомду түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы вице-премьер Зилалиев байлыгы кайдан пайда болгонун кантип түшүндүргөн?