Путиндин сапары: Кыргызстан менен Орусия Канттагы авиабазанын ишин өзгөртүүнү талкуулашат

Президенттер Сочидеги бейформал жолугушуу учурунда. 2019-жыл, февраль. Сүрөт: Султан Досалиев / Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

28-мартта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын башчысы Владимир Путин  Кыргызстандын Канттагы Орусия башкара турган ЖККУнун аскер авиабазасы тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүшөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 26-мартта болгон басма сөз жыйында билдирди.

«Бизде орус авибазасынын Кыргызстандын аймагындагы жайгашуусунун шарты жана макамы жөнүндө эки өлкөнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол даярдалып жатат. Сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Чоо-жайын так ачыктап бере албайм, алар Путиндин сапарынын алкагында кол коюу пландалып аткан даяр документ боюнча тараптар бир пикирге келишкең соң белгилүү болот», — деп билдирди ал.

Сыдыков кандай өзгөртүүлөр болоорун, база кеңейтилеби же ишмердик багытын алмаштырабы деген суроолор боюнча кеңири айткан жок. Бирок ал сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда Орусиянын башкармалыгындагы Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) экинчи аскер базасынын ачылышы ыктымалдыгы талкууланбасын кошумчалады.

Путиндин Кыргызстанга сапары 28-мартка белгиленген, анын сапарынын учурунда 30 келишимге кол коюу пландалууда. Эки мамлекеттин башчысы экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташтыкты, энергетика жана инфраструктуралык курулуш маселелерин талкуулашат. Анын ичинде Орусиянын Өзбекстан — Кытай — Кыргызстан темир жолунун курулушуна катышышы мүмкүндүгү жөнүндө да кеп козголушу ыктымал.

Андан тышкары, мөмө жана жер-жемиштерди, эт-сүт продукцияларын Кыргызстандан Орусияга жеткирүү боюнча макулдашууларга да көңүл бурулмакчы.

ТЕМА БОЮНЧА:

Путиндин Кыргызстанга сапары: Орусия кыргызстандыктар үчүн кайрадан миграциялык мунапыс берет