Жалал-Абад: Жер асты өтмөгүндөгү пандустар талапка жооп бербейт

Жалал-Абад шаарындагы жер асты өтмөгү. Сүрөт: Versia.kg маалыматтык сайты

Жалал-Абад шаарындагы жер асты өтмөгүндө курулган пандустар стандартка туура келбейт. Анткени алар тик абалда курулуп калган. Ошондуктан майып адамдар ал жерден чыгып түшө албай келишет.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлү Салтанат Алтынбекова пандустар талапка жооп бербей курулуп калганын «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, өтмөк курулган аймакта жер тар болгон.

«Негизи пандустардын бийиктиги 80 сантиметрден ашпай, туурасы бир метр болушу керек деп жазылган. Аларды талапка жооп бере тургандай куруш үчүн светофордон баштап куруп келиш керек болчу экен. Андай жер жок болгондуктан, [жалданма компания] ошондой куруп койгон», —деп түшүндүрдү Алтынбекова.

Жер асты өтмөгү 100 миңге чукул калкы бар шаарда авто тыгындарды азайтат деген максатта курулуп, 2018-жылдын сентябрында пайдаланууга берилген.

Жергиликтүү бийлик Жалал-Абаддагы өтмөк чоңдугу боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда тураарын билдирип, анын курулушуна 12 млн 800 миң сом каражат кеткенин маалымдаган. Бирок быйыл мэрия өтмөктү курган компанияга дагы 6 млн сомдой каражат бөлүп бериши мүмкүн. Буга долбоордун сметалык баасына айрым кызматтардын кошулбай калгандыгы себеп болгондугу айтылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, шаарда 330 мамлекеттик жана жеке менчик ишкана болсо, анын 36сында гана талапка жооп берген пандус орнотулган.

Редактору: Айдай Беделбек кызы