Кыргызстандын мурдагы президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов

Бизнесмен жана мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун юристтери билдиришкендей, саясатчы кандай гана болбосун Кыргызстанга кайтып келет. Ал азыр өлкөнүн чет жакасында жүрөт — ага каршы эки кылмыш иши козголгон.

«Бабановдун [бийлик аны айыптап жаткандар боюнча] күнөөсү жок. Ал кандай гана болбосун [Кыргызстанга] кайтып келет. Анын [кылмыш] иши саясий мүнөзгө ээ, ошондуктан токтотулушу керек», — деп билдирди Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаев.

Анткени менен юристтер бизнесмендин Кыргызстанга кайтып келе турган так датасын айтышкан жок. Бабанов өзү адвокаттарына «жакын арада» келээрин билдирген. «Ал саясатка кайтып келээри тууралуу суроолорду Бабановдун өзүнө бергиле», — дешти бизнесмендин өкүлдөрү.

2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин Бабанов Оштогу электоратынын алдына чыккан учурда улуттар аралык кастыкты козуткан делип айыпталган. Бирок анын адвокаттары көз карандысыз төрт экспертизанын жыйынтыктарына таянышууда, ага ылайык, мурдагы президенттикке талапкердин сөзүндө чакырыктар жок.

«Бардык төрт экспертизанын жыйынтыктары аныкташкандай, анын айткан сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутууга, конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырыктар болгон эмес. [Бабановдун айткандары] боюнча экспертизанын бири Орусияда өткөрүлгөн. Орусиялык эксперттер Бабановго каршы айыптоолорду негизсиз деп аташты», — деп билдиришти анын өкүлдөрү.

Адвокаттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш иштерди токтотушу керек деп эсептешет. «Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул иш токтотулууга тийиш деп ачык эле айткан. Бул кылмыш иши эмес, саясий иш экени бардыгына эле белгилүү», — деп билдиришти юристтер.

Бабанов өзү кайтып келээрин 21-март күнү Нооруз майрамына карата куттуктоосунда ишара кылган. Бирок көп өтпөй эле атайын кызматтар Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турган болсо «мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын» билдиришкен.

Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине дагы бир ишара болуп анын Москвада саясатчы Камчыбек Ташиев менен бирге түшкөн сүрөтү болгон. Сүрөт «Жакында көрүшкөнчө!» деген сөз менен жарыяланган.

Бабановдун президенттик кызматка болгон дымагы

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Анда ал шайлоочулардын добуштарынын 33 пайызын алып, экинчи орунга чыккан. Бабанов утулганын мойнуна алып, Жээнбековду жеңиши менен куттуктаган.

Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы бир нече кылмыш иши козголгон: биринчи иш боюнча аны бийликти басып алууга даярдануу, ал эми экинчиси — улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча шектешкен. Бизнесмен өз дарегине тагылган айыптарды «сандырак» жана «укук коргоо органдарынын өз билемдиги» деп атаган.

Бабанов Кыргызстандан 2017-жылдын ноябрында чыгып кеткен, анын тарапкерлери саясатчы Москвага даарыланууга кеткенин кабарлашкан. Ошол эле жылдын 30-декабрында Бабанов саясаттан кетип жатканын жарыялаган. Ал өз чечимин шайлоодон утулуп калганда саясий карьерасын жыйынтыктоого убада бергени менен түшүндүргөн.

Бабанов өзү өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясын жетектеген жана 2011-2012-жылдары өкмөт башчылык кызматты аркалаган.

Авторлошу: Рустам Халимов