Путиндин сүрөтү тартылган көрнөк

28-март күнү Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен учуп келет. Буга карата шаардын муниципиалдык кызматтары Чыңгыз Айтматов проспектисин жууп, дубалдарга балаты түшүрүлгөн плакаттарды иле башташты. Путиндин сапарынын алдында Бишкекте дагы эмнелер өзгөрдү?

Урматтуу окурмандар, биз макалада кетирилген ката үчүн кечирим сурайбыз. Биз «Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги үйдүн дубалы» деген жазуу менен балаты түшүрүлгөн көрнөктүн сүрөтүн жарыялаганбыз. Бирок такталган маалыматтар боюнча, бул көрнөк Владимир Путиндин келээринин алдында эмес, эбак эле жазалган экен.

Муниципиалдык кызматтар жол чырактын чаңдары менен кирлерин жууп жатышат
Жуулган Чыңгыз Айтматов проспектиси
Машина Айтматов проспектисин жууп жатат. Көчө бойлоруна Кыргызстан менен Орусиянын байрактары илинген.
Иштебей калган чыракты оңдоону чечишкен
«Манас» аэропортуна барчу/келчү жолдо илинген чоң көрнөк. Сүрөт: «Кактус»