Оппозиционер Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга чейин кыскартышты

Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүнүн кыскарышы тууралуу анын адвокаты Улан Абдураимовго таянып «Азаттык» басылмасы маалымдады. Юристтин айтымында, алар жети жылга чейин кыскартууну өтүнүшкөн, бирок сот жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга чейин кыскарткан.

Карыбеков жаңы Кылмыш-жаза кодекси 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргени үчүн өз өкүмүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

2017-жылы апрель айында Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти басып алуу аракети» боюнча оппозиционерлер Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду күнөөлүү деп тапкан. Асанов менен Кадыров мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 12 жылга эркиндиктен ажыратылган, ал эми Карыбеков 20 жыл абак мөөнөтүнө кесилген.

Бирок ушул жылдын февраль айында сот Асанов менен Кадыровду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошоткон.