Сооронбай Жээнбеков форумдун катышуучулары менен. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-мартта кыргыз жана орус ректорлорунун форумуна катышты. Жалпысынан мамлекет башчысы менен жолугушууга 80ге чукул кыргыз жана орус университеттеринин жетекчилери келишкен. Бул жолугушууда айтылган негизги билдирүүлөрдү кыскача бандап беребиз.

Орус тили расмий тил болуп кала берет. Президент Кыргызстанда орус тилинин макамы кайра каралбай турганын билдирди. «Орус тили Кыргызстанда расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат», — деп айтты мамлекет башчысы.

Орусия студенттик квоталардын санын көбөйтүүнү пландоодо. Мындай сунушту КМШ иши боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Элеонора Митрофанова айтып чыкты. Ал маалымдагандай, 2019-жылы үч миң кыргызстандык орус университеттеринде окуу үчүн билдирме тапшырышкан. Алардын ичинен 370 адам квота алган. «Мындан ары квоталардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү туура болот», — деди Митрофанова.

Кыргыз-орус билим берүү мейкиндигин түзүү. Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан менен Орусия СССР кулаганга дейре 30 жыл мурдагыдай «билим берүүнү биргеликте өнүктүрүшү керек». «Мезгил көрсөткөндөй, бизге жалпы билим берүү мейкиндиги керек экен», — деди Жээнбеков.

Москва мамлекеттик университети (ММУ) Кыргызстанда филиалын ачкысы келет. ММУнун ректору Виктор Садовничий билдиргендей, Кыргызстанда ЖОЖдун филиалын ачуу аракеттери алты жолу үзгүлтүккө учураган, бирок «Москванын айынан» эмес. «Кесиптештер бул маселени талкуулап көргүлөчү, биз болсо өз тараптан бардыгын жасоого даярбыз. Мен кайрадан макулдугумду берип жатам. Бул эми жетинчи ирет », — деди Садовничий.

Кыргызстандын жана Орусиянын ЖОЖдору кызматташуу тууралуу макулдашышты. Кыргыз улуттук университети (КУУ) ММУ менен, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) Новосибирск мамлекеттик техникалык университети менен, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) Оренбург мамлекеттик университети менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.