Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков «Манас» аэропортунда. 28-март. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Орусиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан 2017-жылы октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин Кыргызстанга биринчи жолу келди. Тараптар Кыргызстандын аймагындагы ЖККУнун базасын кеңейтүү тууралуу макулдашты, ал эми Орусия бюджетти колдоо үчүн кайтарымсыз 30 млн доллар каражат бөлүп берүүнү убада кылды.

Кыргызстанга болгон сапары учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанды кайрадан «стратегиялык өнөктөш жана ишенимдүү союздаш» деп атады.

Путин Жээнбековдун аракеттиринин арты менен Кыргызстанда «абал турууктуу жана тынч» экенин белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Путиндин сапарын «кыргыз-орус мамилесиндеги тарыхый окуя» деп атады.

Жээнбеков Кыргызстанда Путинди «ак ниет дос жана ишенимдүү өнөктөш» катары «билишет жана баалашат» деп билдирди. «Сиздин жеке колдооңуздун арты менен биздин эки тараптуу кызматташуубуз сапаттуу жогорку деңгээлге чыкты», — деп айтты ал президент Путинге.

Кыргызстандын башчысы Орусияны «жакын, ишеничтүү жана кыйышпас союздаш» жана «узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш» катары баалады.

«Биз жалпы коопсуздукту бекемдөөдөгү, глобалдык жана регионалдык маселерди чечүүдөгү [Орусиянын] алдыңкы ролун тааныйбыз», — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле Путинге кезектеги аскерий-техникалык жардамы үчүн жана Кыргызстандын ЕАЭБге адаптация болушуна көрсөткөн салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Орусия бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга грант түрүндө 30 млн доллар каражат бөлө турганын макулдашышты. Андан тышкары, өлкөлөр Орусиянын көзөмөлүндө болгон Ысык-Көлдөгү жана ЖККУнун Канттагы базасын кеңейтүү тууралуу келишимге кол коюшту. Ошондой эле өлкөлөр жалпы суммасы 6 млн долларды түзгөн инвестиция жана экспорт тармагындагы келишимдерге кол коюу тууралуу макулдашышты.

Бул жолу Путин Кыргызстанга биринчи ирет мамлекеттик сапары менен келди. Мурда ал Кыргызстанга расмий сапар менен гана келип кетип турган. Мамлекеттик сапар ардактуураак болуп саналат, протоколдо расмийге салыштырмалуу салтанаттар көбүрөөк жазылган.

Акыркы жолу Путин Кыргызстанга 2017-жылы өзүнүн Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон сапарларынын алкагында келип кеткен. Анда Орусия Кыргызстанга бюджетти турукташтыруу үчүн 225 млн доллар бөлүп, тараптар Орусия Кыргызстандын мамлекеттик карызын кечээри тууралуу макулдашышкан.

Бирок 2017-жылы президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун базасын кеңейтүү тууралуу маселе каралган эместигин билдирген. Президенттердин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздук боюнча абал күчөгөндүктөн кеп аскерий-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө гана болгон.