Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL

Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев 27-мартта 2019-жылы мигранттарды экономикалык ишмердиктин 33 түрүнө жумушка алууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Патенттин негизинде эмгектенген мигранттар жылдын аягына чейин соода-сатык тармагында, азык жана кийим-кечек өндүрүшүндө, ошондой эле, таксист жана курьер болуп иштей алышпайт.

Мындан тышкары, туюу салуу чечими курулуш, билим берүү, укук жана илим сыяктуу тармактарга да жайылган. Николаев жарлык федералдык мыйзамдарды бузбайт жана «Орусия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзамга туура келет деп билдирди.

Бирок Якутиянын башчысынын аппараты Орусиянын «Москва сүйлөйт» басылмасына билдиргендей, жарлыктын күчү кыргызстандыктарга жана ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн башка жарандарына тиешелүү болбойт.

«Бул аймак башчысынын ар жылдык жарлыгы. [...] Бардык чөйрөлөргө өткөн жылдын жарлыгында эле тыюу салынган. Жалгыз гана илимий ишмердик кошулду. [Мигранттар] мурдагыдай иштей беришет, жарлык патенттерге гана тиешелүү», — деп Якутия башчысынын аппаратынан билдиришти.

«РИА Новости» маалымат агенттиги кабарлагандай, Якутияда мигранттарды массалык текшерүү башталган. Бул эки миңге чукул чет элдикке тиешелүү болгон, Орусиядан 20 адам чыгарылган.

Мигранттарга каршы толкундоолор

Якутиянын бийлиги мигранттардын патент боюнча ишине тыюуну республикадагы мигранттарга каршы толкундоо маанайларынын шартында киргизди. Ошол эле маалда Якутиянын башчысынын аппараты чектөө аталган окуяларга байланыштуу эмес деп ишендирет.

Якутск шаарынын тургунун зордуктаган кыргызстандык тууралуу маалымат мигранттарга каршы маанайдын себептеринин бири болгон. Зордуктоого шектелген адамды кармашкан жана ал күнөөнү мойнуна алуучу көрсөтмө берген.

Зордуктоо тууралуу кабарлардан кийин Якутскта мигранттарга каршы чаржайыт митинг өтүп, ага 6 миңден ашуун адам келген.

Коомдук тармактарда жана WhatsApp колдонмосунда мигранттарга кол салууга үндөгөн чакырыктар жайылтылган. Кыргыз мигранттарынын бир бөлүгү өздөрүнүн коопсуздуктарына кооптонгондуктан жумуштарына чыкпай келишет.

Ошондой эле бийлик мигранттар арасында пландан тышкаркы текшерүү иштерин баштаган. Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин Якутиянын башчысы мигранттарга каршы митингди «кайсы бир күчтөр тарабынан уюшулган чагым» деп атаган.

«Биз адамдарды атайлап алып келишкенин, алардын көпчүлүк бөлүгү мас абалда болгонун билебиз. “Кеттик өрттөйбүз!”, “Кеттик талкалайбыз” деген талаптардан башка эч нерсе болгон жок», — деди Николаев.