Бурулайдын иши: Прокурор милиционерлерди беш жылга кесүүнү талап кылды. Алар шалаакылык боюнча айыпталышууда

Киши колдуу болгон кыздын атасы менен апасы адвокаты Эсения Рамазанова менен. Сүрөт: Айсымбат Токоева / Kloop.kg

Прокурор Адилет Шыгаев 29-мартта болгон сот отурумунда Бурулай Турдалы кызын өлтүрүү иши боюнча шалаакылыкка айыпталган беш милиционердин ар бирин беш жылдан эркинен ажыратууну талап кылды. Прокурор алардын күнөөлөрү «толугу менен далилденди» деп эсептейт.

Милиционерлер кылмыш ишинин фигуранттары болуп калышкан, анткени Бурулай Жайыл РИИБнин бөлүмүндө киши колдуу болгон. Бурулайды ал бөлүмгө мажбурлап никеге тургузуу үчүн Таласка ала качып бара жатышкан машинаны токтоткон эки патрулдук инспектор алып келишкен.

Коргоочу тарап милиционерлердин аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондуктан, аларды актоону суранды. Айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алышкан жок.

Бирок маркум кыздын атасы Турдалы Кожоналиев мамайыптоонун позициясына макул эмес. Ал патрулдук милиционерлердин «кызынын өлүмүнө күнөөсү жок» деп эсептейт.

«Мен ЖКККБнын эки инспекторун актоону, ал эми калган милиционерлерди мыйзам боюнча жазалап, аларды түрмөгө отургузууну суранам», — деп Кожоналиевдин айткандарын «Кактус» басылмасы келтирет.

Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаты Эсения Рамазанова Кожоналиевдин пикирин колдойт. Ал судьядан патрулдук милиционерлерди актоону суранды.

Коомчулукта чуу жараткан Бурулай Турдалы кызынын өлүмү 2018-жылы 27-майда милициянын бөлүмүндө жүз берген. Маркум кыздын өлүмү боюнча ишти президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бурулайды ошол күнү үйлөнүү үчүн досу менен ала качкан Марс Бөдөшов өлтүргөн. Бөдөшов кыздын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2018-жылы декабрда 20 жылга кесилген.

Ошондой эле 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен айрымдары бошотулуп, дагы башкаларына катаал сөгүш жарыяланып, үчүнчүлөрүнө карата сыноо мөөнөттөрү берилген.