Чек ара кызматы: Казакстан Кыргызстандан чыккан оор жүк унааларын текшерүүнү күчөттү

Кыргыз-казак чек арасы. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Эдил Байызбеков

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева «Ак-Тилек — Автодорожный» өткөрмө бекетинде 140 оор жүк унаасы топтолуп калганын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, Казакстан тараптан чек ара көзөмөлү күчөтүлгөнүнөн улам ушундай абал түзүлгөн.

«Казак тарап текшерүү убактысын көбөйттү, тактап айтканда оор жүк унаалары дыкатыраак карала баштады. Ар бир оор жүк унаасына [казак чек арачылары] 20 мүнөттөн коротуп атышат, ошондуктан чек арадан бир саатта болгону 4 гана машина өтүп жатат», — деди ал.

Басма сөз катчынын айтымында, абал өткөрмө бекетинде чек ара көзөмөлүнөн өтө албай калган машиналар калып кетип жаткандыктан да оорлошууда.

«Алар келген жактарына кайра кетишпей, ошол жерде калышууда. [Бул эмнеге байланыштуу экенин] билбейм, балким алар кимдир бирөө документтерин тууралап берет деп ойлоп жатышкандыр», — деди Абдыкариева.

Башка өткөрмө бекеттеринде автоунаалардын топтошуп калуусу байкалган эмес. Мамлекеттик чек ара кызматынан кыргыз тарап оор жүк унааларын мурдагыдай эле тартипте өткөрүп жатканын белгилешти.

Кыргыз-казак чек арасынан оор жүк автоунааларын өткөрүү маселеси байма-бай жаралып турат. 2017-жылы күзүндө кыргыз жана казак бийлигинин араздашуусунан улам оор жүк унааларын бир нече жумалап Казакстанга өткөрбөй коюшкан учурлар болгон. Кырдаал Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келиши менен турукташкан.