Ниязовдун үстүнөн милицияга арызданышты — ал муну «саясий буюртма» деп атады

Фарид Ниязов. Сүрөт: Султан Досалиев / Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Апрель революциясынын катышуучусу Максат Чегирткеев Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү Фарид Ниязовдун үстүнөн милицияга арыз жазды.

ИИМдин маалыматы боюнча, Чегирткеев апрель ыңкылабынан кийин бюджеттин эсебинен Сочиге дарыланууга кетиши керек болчу. Бирок Ниязов мамкомиссияда болуп туруп ага макулдугун берген эмес.

«Дарыгерлердин Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын Сочиде дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, [комиссиянын мүчөлөрү] аларга дарыланууга уруксат беришкен эмес [...], ушуга байланыштуу анын ден соолугу начарлап, моралдык азап чеккен», — деп жазылат ИИМдин пресс-релизинде.

Комиссия Чегирткеевдин дарылануусуна каралган 200 миң сомду Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинен чакыртып алган.

ИИМ «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки текшерүүнү жүргүзүп жатат.

Ал эми Ниязов өзүнө каршы айыптарды «сандырак», ишти болсо — «саясий буюртма» деп атоо менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылды.

Ниязов милициянын кызматкерлери Чегирткеевди ИИМге жеткирип, ага «арыз жазууну сунушташкан» деп эсептейт.

Ал комиссия Чегирткеевди дарылануу үчүн Сочиге жибербегенинин себебин, ушундай эле дарылануу процедураларын Кыргызстанда эле өтө алмак деп түшүндүрүүдө. Ниязов белгилеп кеткендей, мамлекеттик комиссия Кытайдын клиникаларынын биринде Чегирткеевге операция жасоого 4 млн сом бөлүп берген, анткени операцияны Кыргызстанда өткөрүү мүмкүнчүлүк жок эле.

«Анын мүдөөсүн аткаруу мүмкүн эмес эле, себеби Мамкомиссия эгер мындай дарылоону Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүн эмес болсо гана чет өлкөдөн дарылоого акча бөлүүгө укуктуу болчу», — деп жазган Ниязов өзүнүн Жунушалиевге жолдогон катында.

Ниязов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү. Ага каршы арыз Сооронбай Жээнбековдун экс-президент менен болгон тирешинин шартында пайда болду.

Жээнбеков 2018-жылдын мартынан тарта Атамбаевдин кадрларынын көпчүлүгүн жогорку кызматтардан бошоткон, алардын айрымдары кылмыш иштеринин фигуранттары болуп калышкан.