Жаңыртуу: Сурак болжолдуу саат 18:40 аяктаган. Аннада бардыгы жакшы.

1-апрель күнү эртең менен «Клооптун» редактору Анна Капушенконун батирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. Бул болжолду эртең мененки саат 8де болгон. Тинтүүнүн көпчүлүк бөлүгү адвокаттын катышы жок өткөн. Анна тергөөчүлөрдөн юристтин келишин күтүүнү суранганына карабастан, УКМКнын кызматкерлери аны күтпөй, тергөө иш-чараларын башташкан.

Кийинчерээк атайын кызмат Капушенкону суракка чакырган — редакциянын кызматкери УКМКнын имаратында болжолдуу саат 9:30 чамасында, адвокат Бакыт Автандил уулунун коштоосунда болгон. Ал УКМКдан болжолдуу саат 18:40та чыгып, сурактан 8 сааттан бир аз ашыгыраак убакыт болгон. Тергөөчүлөр менен болгон аңгемелешүүнүн чоо-жайы бизге белгисиз, анткени Анна маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө документке кол койгон.

Так эмне белгилүү?

• Тинтүү Аннанын коомдук ишмердүүлүгүнө байланыштуу — ал редакциядагы ишинен тышкары, тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдөөчү комиссиянын курамына кирет. Бул комиссиянын чечимдери сунуштама мүнөздөргө ээ.

• Тинтүү учурунда УКМК редакция кызматкеринин жеке буюмдарын алып алган. Бул телефон жана ноутбук.

• Атайын кызматты Анна мүчөлүктө турган комиссия кыргыз паспортторунун бланктарын сатып алуу тендеринде утулган немис компаниясынын даттануусун эмне үчүн изилденбегени кызыктырууда.

• Атайын кызмат тендердин жыйынтыктарына бир айдан ашуун убакыттан бери кызыга баштаган. Капушенко буга чейин УКМКнын тергөөчүлөрү менен сүйлөшүү үчүн ал жакка эки жолу барган. Алар комиссиянын ишине эле кызыгып, анын дарегине эч кандай айып тагышкан эмес.

• Анна бул териштирүүдө күбө катары өтүп жатканы белгилүү болду.

• Тинтүүлөр бир гана Аннанын үйүндө өткөн жок. Атайын кызмат ошондой эле комиссиянын башка мүчөлөрүнүн батирлерин да тинтүүгө алган. Мисалы, юрист Нурзат Хусеинованын үйүн.

Азырынча эмне белгисиз?

• Териштирүү иши кимге карата жүрүп жатканы так белгисиз.

• Капушенконун үйүн тинтүүгө алууга эмне негиз болгону так белгисиз.

• Атайын кызмат кимдин демилгеси, кайсы берене боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы так белгисиз.

• Аннаны суракка алуу анын «Клооптун» редактору катары профессионалдык ишмердиги менен байланыш же байланыштуу эместиги белгисиз. Редакциянын баамында байланыштуу эмес.