УКМК: Разаков Тажикстандын атайын кызматтарына иштебейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 1-апрелде билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси жок болуп чыкты.

Алардын айтымында, чет элдик мамлекеттердин атайын кызматтары тарабынан саясий ишмерлерди «дискредитациялоо практикасы кеңири колдонулат».

Ушуга окшогон эле билдирүүнү 25-мартта Кыргызстандын өкмөтү да тараткан. Анда бийлик Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар делген маалыматты «жалган» жана «чагым» деп атаган.

УКМК Разаковду Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан аймактардагы чырдан кийин парламенттин депутаттарынын талабынан улам текшере баштаган. Эл өкүлдөрү Разаков баштаган кыргыз делегациясы жаңжалды жөнгө салганына нааразы болушкан. Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын бийлиги чек аранын аймагындагы талаштуу жерде дагы бир жол куруп берүүнү убадалаган.

Разаков өзү Тажикстандын атайын кызматтарына үгүттөлгөнүн четке каккан.

Разаковдун тажик атайын кызматтары менен байланышы бар экендиги тууралуу маалымат Тажикстандын ЖМКларында 2016-жылы эле пайда болгон жана маал-маалы менен аткаминер жаңы кызматтарга дайындалып жатканда айтылып турган.