КСДП милиционерлерди партконференцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан деп шектөөдө. ИИБ муну четке какты

КСДПнын Жалал-Абаддагы конференциясы. Сүрөт: Кундуз Жолдубаева

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдиргендей, белгисиз адамдар залга жулунуп киришип, Жалал-Абаддагы конфренцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Партиядан муну милициянын кызматкерлери кылышы мүмкүн деп эсептешет, бирок укук коргоо органдары муну четке кагышууда.

КСДПнын басма сөз катчысы Кндуз Жолдубаева фейсбукта Жалал-Абадда партиялык конференциянын учурунда бир нече жаш балдар «мушташ чыгарууга» аракет кылышканын жазды.

«КСДПнын партконференциясы өтүп жаткан жерге жаш балдар кирип келип, мушташ чыгарууга аракет кылышты. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери деп шектеп атабыз», — деди Жолдубаева.

Партиянын мүчөлөрү милицияга арыз жазышкан, бирок Жалал-Абад облусундагы ИИБдин жетекчиси Кылыч Жолдошев «Азаттыкка» эч кандай «чагым болгон жок» деп билдирген.

«Булар Жалал-Абадда үч күн жүрүштү. Үч күн бою адам таппай, чогулта албай, уят болуп, акыры аны милицияга шылтап жатышат. Чагым болгон жок», — деди Жолдошев.

Мурдараак Жолдубаева укук коргоо органдары тарабынан аңдууга алынгандыгы ыктымал фактысы тууралуу кабарлаганы бар.

Расмий бийлик КСДПнын мүчөлөрүнүн кысым тууралуу билдирүүлөрүнө эч кандай комментарий бере элек.

Бул билдирүүлөр экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болууда. Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Атамбаевдин колдоосу менен КСДПдан талапкер болуп көрсөтүлгөн.

Экс-үзөңгүлөштөрдүн ортосундагы араздашуудан улам социал-демократтардын партиясы эки жаатка бөлүнүп кеткен: бирөөсүн Атамбаев жетектесе, ал эми экинчиси парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай азыркы президентти колдойт.