УКМК: МККнын аткаминерлери паспортторду даярдоо боюнча тендердин жеңүүчүсү менен көмүскө сүйлөшүүгө барышкан

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, МККнын кызматкерлери литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барышып, жалпы жарандык паспортторду даярдоого жарыяланган тендерде алардын кызыкчылыктарын коргошкон.

Жыйынтыгында, компания алардын атаандаштарына караганда 253 млн сомго көп сумманы сунуштагандыгына карабастан тендерди утуп кеткен.

«МККнын мурунку жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкени такталган», — деп айтылат атайын кызматтын пресс-релизинде.

1-апрелде атайын кызмат паспортторду сатып алуу тендерине байланыштуу адамдарды суракка алып, тинтүү жүргүзгөн. Укук коргоочулар 50дөн ашуу адам суракка алынганын маалымдашып, УКМКнын бул аракеттерин «террор» деп аташкан.

«Азыр бул ишке байланыштуу ондогон (бизге белгилүү болгондой 50-60) жарандарга карата кеп кылмыштуу рецидивдер жөнүндө болуп жаткандай эле кысым көрсөтүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен орой жана уруксат берилген формадагыдай тинтүүлөр менен сурактар жүрүп жатат», — деп жазды укук коргоочу Гүлнара Журабаева өзүнүн фейсбуктагы барагында.

Тинтүү тендерлерге даттанууларды кароо боюнча комиссиянын курамына кирген жана бул сатып алуу боюнча арызды кароого катышышкан «Клооптун» журналисти Анна Капушенконун жана юрист Нурзат Хусаинованын үйүндө да жүргүзүлгөн. Комиссия анын мүчөлөрү УКМКда суракка алынып жаткандыктан улам даттанууларды кароо токтотулганы жөнүндө билдирүү жарыялады.

Эмне болгон тендер?

Мамлекеттик каттоо кыматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык же жалпы жарандык паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Тендерге беш компания, эки немис, француз, литвалык жана казак компаниялары катышышкан.

Паспортторду даярдоо боюнча кызматтардын баасынын эң аз суммасын, 686 млн сомду Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы, ал эми 1,2 млрд сомдук эң чоң сумманы Казакстандык компания сунуштаган.

Тендерде ким уткан?

Тендердик комиссия үч компаниянын билдирмесин квалификациялык талаптарга жооп бербейт деп четке кагып, эки компанияны, тагыраагы өз кызматы үчүн 940 млн сом сунуштаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясын жана өз кызматын 948 млн сомго баалаган IDEMIA француз компаниясын тандап алган.

Комиссия тендердин жеңүүчүсү кылып Garsu Pasaulis компаниясын тандаган. Мындан кийин немис Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер өткөрүү учурундагы эреже бузуулар тууралуу айтып чыгышкан. Алар ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга кайрылышып, сатып алуучу уюмдун чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүнү суранышкан. Комиссия эки компаниянын даттанууларын тең негизсиз деп тааныган. Ушуну менен бирге УКМК тендерге байланыштуу текшерүү иштерин баштаган.