Зилалиев УКМК «Атамбаевге каршы көрсөтмө бер» деп сунуштаганын айтып чыкты — атайын кызмат бул сөздөрдү «долулануу» деп атады

Дүйшөнбек Зилалиев

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын кызматкери «ага кысым көрсөтүп», экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүгө «түрткөнүн» билдирди. Атайын кызмат муну четке кагып, Зилалиевдин билдирүүсүн «жоопкерчиликтен кутулуп кетүү аракети катары» баалады.

Зилалиев өзүнүн кезектеги ачык кайрылуусун адвокаттары аркылуу тараткан. Анда экс-вице-премьер Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү үчүн аны УКМКнын тергөө изоляторунан бошотууга убада кылышканын билдирген.

«Жакында эле мени УКМКнын кызматкерлери чакырып алып, Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмдү суранышты. Максаты ошол болгон. Эми мага карата жасалып жаткан аша чапкан мамилени түшүндүм. Мени сындырып, Атамбаевге каршы кызматташууга баруумду каалаган. “Илмиянов аркылуу Атамбаевге кытайлык компаниядан лицензия боюнча кайсы бир маселени чечүү үчүн бир миллион доллар бергем" деп айтуумду суранышты», — деп билдирди мурдагы вице-премьер.

Ал өз кайрылуусунда «анын жакындарына жана туугандарына карата аша чапкан мамиле» уюштуруу менен ага кысым көрсөтүп жатышат деп айткан.

«Менден эмнени каалап жатышканын айтышат деп күткөм. Бул системадан чыккан адам катары мен сөзсүз [Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу] түшөөрүн билгем», — деп түшүндүрөт Зилалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» журналистине курган маегинде, Зилалиевдин айткандары чындыкка жатпайт деп билдирди .

«Зилалиев кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгына карабастан, анын кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары уланууда. Зилалиев коомчулукту адаштыруу максатында бир нече жолу тарыхый мүнөздөгү жарыяларды кылгандыгын белгилей кетиш керек», — деди ал.

Сулаймановдун айтымында, УКМК Зилалиевдин билдирүүсүн «жоопкерчиликтен кутулуп кетүү аракети катары» баалайт.

Зилалиевдин кылмыш иши

Зилалиевге каршы эки кылмыш иши козголгон. Биринчи иш боюнча ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жаткан күнү бомба тууралуу жалган маалымат билдирген үчүн үч жылга шартуу мөөнөткө кесилген. Январь айынын ортосунда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Экинчи кылмыш иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр мыйзамсыз байыган делип айыпталууда. Атайын кызмат Зилалиевдин реалдуу кирешеси декларацияга киргизилгенден да он эсе көп деп эсептейт. Аткаминерден батирлер, кеңсе жайлары, жер тилкелери, үйлөр жана кымбат баалуу жасалгалар табылган.

Зилалиев өзү коррупция боюнча айытоолорду төгүндөп, табылган акчалары менен мүлктөр ага тиешелүү эместигин айтып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы вице-премьер Зилалиев байлыгы кайдан пайда болгонун кантип түшүндүргөн?

Дүйшөнбек Зилалиевдин декларацияга кирбизилбеген мүлкү табылды