Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты. Ал Атамбаевди партиялык диктатура боюнча айыптады

Асылбек Жээнбеков

Депутат Асылбек Жээнбеков 3-апрель күнү парламенттин отурумунда Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) чыгаарын айтты. Бирок ал фракцияда депутат болуп иштөөнү улантаарын кошумчалады.

«Тилекке каршы, КСДПнын ичиндеги жаңжалдар партиянын беделине залал тийгизди [...] аталган партия бир адамдын куралы болуп баратат. Бир адамдын диктатурасы орноп, башка мүчөлөрдү эсепке албай калышты. Алардын да салымы чоң, кеп Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов жана башкаларда болуп жатат», — деп «АКИпресс» Жээнбековдун айткандарын келтирди.

Анын айтымында, ага КСДПга кошулууну 2007-жылы агасы сунуштаган. Тагыраагы учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Алар ошол убакта партиянын Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирин жогорулата алышкан.

«Партиянын төрагасынын [экс-президент Алмазбек Атамбаевдин] жеке таарынуусу, намыскөйлүгү өлкөнүн өнүгүшүнө зыян келтирбеши керек. Тилекке каршы, КСДП ичиндеги бузукулуктар үчүн өзүнүн милдеттерин так аткара албай жатат. Бул бузуку иштерге мени дагы кийлигиштирейин дешкен, бирок мен кийлигишпейм», — деди Жээнбеков.

Алмазбек Атамбаев Асылбек Жээнбековдун парламентте болушун бир нече жолу сынга алган. Ал учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду парламенттеги инисинин жардамы менен «кландык башкаруу» түзүүдө деп эсептеген.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Асылбек Жээнбековдон арыз түшө элек, бирок анын айтымында, партиянын ар бир мүчөсү андан өз эрки менен чыгып кете алат.

«Алмазбек Атамбаев — партиянын төрагасы, бирок чечим кабыл алган орган да бар — бул КСДПнын саясий кеңеши. Ал жакта учурда 34 адам бар. Коллегиалдык орган турганда кантип анан Асылбек Жээнбеков Атамбаевди бир адамдын диктатурасына айыптай алмак эле?» — деди Жолдубаева «Клоопко».

Социал-демократтар оппозицияда

КСДП учурдагы бийликтин оппозициясына кетип жаткандыгы жөнүндө расмий түрдө 18-мартта жарыялаган.

Билдирүү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоого Атамбаевдин колдоосу астында, КСДПнын атынан талапкерлигин көрсөткөн.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашуусунан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.

Авторлошу: Айдай Эркебаева