Съезддин видеотрансляциясынан алынган скриншот. Видео: Жалбырак ТВ

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы 3-апрель күнү Бишкекте өзүнүн республикалык съездин өткөрдү. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) бул иш-чараны «маскарапоздордун шоусу» деп аташты.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөлөрү өздөрүнүн төрагасы кылып саясатчы Сагынбек Абдрахмановду шайлашты. Ал — бул кызматка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер. Абдрахманов шайланган соң учурда партияны башкарып аткан экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн «КСДП элди карай албай, жер карап калды» деп билдирди.

«Мени Өмүркулов менен Жээнбеков колдоду». «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жаңы шайланган төрагасынын айтымында, анын бул кызматка талапкерлигин КСДПнын парламенттеги депутаттары колдошкон. «Партиянын башчылык ордуна татыктуулар көп. Ошол эле Иса Өмүркулов жана Асылбек Жээнбеков. Бирок алар мени лидер болууга татыктуусуң деп айтышты», — деп билдирди ал. Өмүркулов жана Асылбек Жээнбеков Абдрахмановдун айткандарына комментарий беришкен жок. Анын үстүнө Жээнбеков КСДПдан чыгып кеткен.

Атамбаев КСДПны узурпациялоого айыпталды. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөсү Муратбек Турдубаев чогулуш учурунда экс-президентти «партияны узурпациялоого» айыптап, «Атамбаевсиз КСДПнын» төрагасы менен саясий кеңеши ар бир 4 жылда шайланып тураарын кошумчалады. «Антпесе Атамбаев монархия кылгысы бар», — деди ал.

«Атамбаевсиз КСДПнын» съезди «КСДП жаңылануунун жана кайра түзүлүүнүн жолунда» урааны астында өттү. Бирок, көрнөккө басылган орусча ураандын өзүндө үч грамматикалык ката кетирилген — уюштуруучулар ураанды «СДПК — на пути обновлении и преобразовании» деп жазышкан.

КСДПнын өзүнөн «Атамбаевсиз КСДПнын» съездин «маскарапоздордун шоусу» деп аташты. Мындай билдирүүнү партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева жасады. Ал бул чогулушту «КСДПга эч кандай тиешеси жок» деп кошумчалады. «Бул маскарапоздордун шоусу жана ал бүгүн таш жалак болду», — деди ал.