УКМК Атамбаевдин камакка алынгандыгы тууралуу фейктерди жайылтуу үчүн жок берене менен коркутту

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Таш-Мойнок айылында мурдагы президентти кармоо боюнча атайын операция жүрбөгөнүн билдирди.

Өткөрүлгөн атайын операция тууралуу маалымат WhatsApp мессенжериндеги чаттар аркылуу жайылып кеткен. Атайын кызмат бул каттарды «фейк» деп атады.

УКМК «атайылап жалган маалымат таратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилиги менен коркутту.

Бирок КР Кылмыш-Жаза кодексинде мындай жоопкерчилик жок. Кодексте «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо» тууралуу берене бар, бирок бул ченем эгер жалган билдирүү түздөн-түз укук коргоо органдарына түшкөн болсо гана иштейт.

УКМКнын өзүндө эмне үчүн алар пресс-релизде жок берене менен коркутуп, «Көрөбүз» деген комментарий менен гана чектелишкенине жооп беришкен жок.

Экс-президент кармалыгандыгы ыктымал жөнүндө маалымат Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында пайда болду.

Мурдагы эки үзөңгүлөштөрдүн араздашуусунан улам социал-демократтардын партиясы жаат-жаатка бөлүнүп кеткен: кээ бири Атамбаевди колдошсо, дагы башкалары — парламенттеги фракция жүзүндө жарым-жартылай учурдагы президентти колдошот.