Иллюстративдик сүрөт / КСДПнын басма сөз кызматы

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) башчысы Алмазбек Атамбаев партиянын айланасында болуп өткөн окуялар тууралуу, айрыкча Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгуусу жана жаңы «төраганын» шайланышы жөнүндө сөз кылды. Анын айткандары Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында орун алды. Атамбаевдин айткандарынын кыскача баяндоосу.

Он жыл мурун саясатчыларды өлтүрүшчү, азыр камап жатышат. Атамбаев өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал 2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин учурундагы окуяларга окшош деп жарыялады. Анын айтымында, учурда «бардык кыргызстандык элита жана көпчүлүк депутаттар корккондуктан» үн катпай отурушат.

«2009-жылы мартта Медет Садыркуловду өлтүрүп кетишкен. Бирок булар бир аз куу болуп чыгышты. Алар өлтүрүшпөйт, алар күнөөсүз адамдарды камашат», — деп айтты Атамбаев.

Жээнбековдун тушунда Атамбаевдин чоң мансаптуу кызмат орундарды ээлеген бардык тарапташтары коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган.

Президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгышы тууралуу: «Мага бүгүн Асылбек Жээнбеков биздин партиядан чыгып кетти деп айтышты. Бузукулук, чырлардын айынан [чыктым деди], «бийликти мыйзамсыз тартып алуу» [...] Мен 17-мартта ушул жерде Мээрбек Мискенбаевдин (ред. — Бакиевдин убагында президенттин аппаратын жетектеген) айткандарын эстедим: “Бир тууган Жээнбековдорсуз Кыргызстан үчүн”. Азыр КСДП бир тууган Жээнбековдорсуз. Экөө тың чыкты», — деди Атамбаев.

КСДПдан депутат жана президенттин иниси Асылбек Жээнбеков 3-апрелде, ал эми Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуунун алдында чыккан.

Жээнбековдордун Райым миллион менен байланышы тууралуу. Экс-президенттин айтымында, «Матраимовдор менен Жээнбековдордун кландары чындыкты териштирүүнүн ордуна мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана бажынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматовду түрмөгө отургузушту».

«[Булар] алар жөнүндө, албетте мен жөнүндө дагы ар кандай жалгандарды жайылтышты. Анткени максат Атамбаевсиз КСДП эмес, Атамбаевсиз Кыргызстан эле», — деп айтты экс-президент.

Атамбаевсиз КСДП кыймылы тууралуу. Атамбаевдин айткандары боюнча, 3-апрелде бул кыймылдын съездине парламенттин бир дагы депутаты барган жок. «Мага бул съезддеги баннердин сүрөтүн көргөзүштү. [Ал жерде] 4 сөз жана 2 ката. Болбосо ал жерде Сагынбек [Абдрахманов] гана болгон эмес, бир тууган Жээнбековдор да — орус тилинин мугалимдери — жардам беришкен», — деди экс-президент.