«Жалал-Абад Электронун» кызматкери 830 миң сом акча талап кылууга шектелүүдө

«Жалал-Абад Электро» АККсынын кызматкери тендердин бүтүмүнө таасир этүү үчүн жеке ишкерден 830 сом акча талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу  каржы полициясынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Каржы полициясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган мекеменин бөлүм башчысы жеке ишкерден 830 миң сом талап кылган деп айыпталууда.

«Бөлүм башчы башка жооптуу адамдар менен биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден 830 миң сом талап кылган. Бул сумманы алган соң, ал электр жеткиргичтерин орнотуу боюнча тендердин бүтүмүнө таасир этмек болгон», — деп маалымдады басма сөз кызматтан.

Жеке ишкер шектүүнүн атына банк аркылуу которгон акчаларынын дүмүрчөктөрү алынган. Учурда келтирилген чыгымды бирдиктүү депозитке түшүрүү иштери жүрүүдө.

«Жалал-Абад Электронун» басма сөз катчысы Жыпариза Үмөталиева шектүү 2018-жылдын сентябрында өз эрки менен жумуштан кеткендигин «Клоопко» маалымдады.

«Ал тергөөгө башка жактан келип жооп берип жатыптыр. Тергөө жыйынтыкталган соң так маалымат бере алабыз», — деди маалымат катчы.

Бул факт соттук өндүрүшкө чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине «мыйзамсыз пайда табуу» деп катталган. Тергөө иштери уланууда.

Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Айдай Беделбек кызы