Бир кадр менен. Питер метросундагы терактка айыпталуучулар сот залында нааразычылык акциясын уюштурушту

Сүрөт: Анастасия Рожкова / «Бумага»

Орусиялык «Бумуга» басылмасы 4-апрелде маалымдагандай, Санкт-Петербургдун метросундагы теракт иши боюнча айыпталуучулар сот залында нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар кагаз барактарына «Бизди атайылап күнөөлүү кылышты», «Күнөөлүү эмеспиз» жана «Бизге карата эч нерсе жок экенин көрөсүңөр!» деп жазып чыгышкан. Ушундай барактарды айыпталуучулар сот залындагы жабык кабинанын айнегине такашкан.

ТАССтын журналистери билдиришкендей, акцияны «приставдар бат эле токтотуп коюшкан».

Метродогу теракт боюнча айыпталуучу катары 11 адам өтүүдө — баары тең Борбор Азиядан чыккан. Алардын арасында эки кыргызстандык — Аброр жана Акрам Азимовдор да бар. Аларды терактты каржылоо жана уюштуруу боюнча шектешүүдө.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын метросундагы теракт 2017-жылдын 3-апрелинде болгон. Ал 16 адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашуун жүргүнчү жабыркаган.

Тергөө окуяны теракт деп атап, ал эми аны Кыргызстанда туулган жана жардыруу учурунда набыт болгон Акбаржон Жалилов жасады деп тапкан.

11 айыпталуучунун бири дагы өз күнөөсүн мойнуна алган эмес, үчөөсү бир нече ирет ФККнын «жашыруун түрмөсүндө» кыйнашат деп даттанышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жашыруун түрмөдөгү кыйноо». Питер терактысына айыпталгандардын атасы уулдары атайын кызматтардын курмандыгына айланды деп эсептейт