Киевдеги жарылуу. Эмне белгилүү жана кыргызстандыктын буга кандай тиешеси бар?

Жарылуу учуру тартылган видеодон алынган скриншот

Украинанын Башкы прокуратурасы Киевдин көчөлөрүнүн бириндеги машинанын жарылуусу тууралуу маалымдап, муну теракт кылуу аракети деп атады. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчук билдиргендей, машинага бомбаны кыргызстандык орноткон жана ал жарылуу учурунда каза тапкан.

Украинанын Башкы прокуратурасынын пресс-релизине ылайык, жарылуу Киевде таңкы 03:17де болуп, жыйынтыгында бомбаны орнотууга шектелген адам каза тапкан.

«Аты аныкталбаган адам тарабынан Украинанын атайын кызматынын кызматкеринин автоунаасына бомба коюу жолу менен ага карата террористтик акт кылуу аракети болду», — деп билдиришти Башкы прокурадан.

Алардын маалыматына ылайык, жарылуу белгисиз адам машинага бомба коюуга аракет кылып жатканда болгон.

04.04.19 близько 03 год 17 хв у м. Києві невстановленою особою скоєно замах на вчинення терористичного акту відносно співробітника спецслужби України шляхом спроби мінування автомобіля останнього. Під час закладення вибухівки, внаслідок спрацювання вибухового пристрою зазначена особа отримала численні тілесні ушкодження різного ступеня тяжкості від яких померла у лікарні не приходячи до свідомості.Відповідні відомості внесено до єдиного реєстру досудових розслідувань. Досудове розслідування здійснює ГУ НП у місті Києві, процесуальне керівництво доручено Генеральним прокурором військовим прокурорам Головної військової прокуратури ГПУ.

Posted by Андрій Лисенко on Thursday, April 4, 2019

«Бомба коюу учурунда жардыруучу түзмөктүн иштеп кетишинин натыйжасында белгиленген адам көптөгөн ар кандай оор деңгээлдеги денелик жарааттарынан эсине келе албай ооруканада көз жумган», — деп айтылат Башкы прокуратуранын катында.

Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук «Клоопко» курган маегинде Кыргызстандын жаранын жардыруу уюштуруу боюнча айыптады. Анын айтымында, ал мындай маалыматты укук коргоо органдарынан алган.

«Менин маалыматтарым боюнча, бул [жарандык] эки булак аркылуу аныкталган — жабыр тарткан өзү тирүү кезинде укук коргоо органдарына айтып берген жана анда Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин көрсөткөн буюмдар табылган», — деди Мосийчук.

Мосийчук фейсбук баракчасында жазгандай, машина Украинанын коргоо министрлигине караштуу Чалгындоонун башкы башкармалыгынын офицерине таандык.

Украинанын укук коргоо органдары азырынча каза тапкан адамдын жарандыгын ырастай элек. Кыргызстандын ТИМи кыргызстандыктын жардырууга катышы бардыгы тууралуу маалыматты тактоодо.